Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:20

Жогорку Кеңеш Казакстандагы кырдаалга байланыштуу кезексиз жыйынга чогулат


Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архивдик сүрөт.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы. Архивдик сүрөт.

Бүгүн 6-январда Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулганы жатканын “Азаттык” радиосуна жеке булактар кабарлашты. Маалыматка караганда, жыйында коңшу Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу бул өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси каралат.

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтөрүн парламенттин басма сөз кызматы да тастыктады.

Казакстанда 2-январда газдын кымбатташына каршы башталган нааразылык акциялары саясий талаптар менен уланып, 5-январда кырдаал курчуган. Президенти Касым-Жомарт Токаев курчуган кырдаалды кылмыштуу топтор аркылуу даярдалган “сырткы агрессия" деп атап, коопсуздукту камсыздоо үчүн ЖККУдан жардам сурады. Оппозициялык саясатчылар муну Токаевдин жаңылыштыгы катары баалап, президент көтөрүлгөн эл менен сүйлөшүүгө тийиш экенин айтууда.

1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан. (BkA/RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG