Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:40

Токаев Алматынын жанында кармаш болуп жатканын айтты


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 6-январь, 2021-жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында. 6-январь, 2021-жыл.

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Ал Алматыда башаламандык жараткан топторду "анык террорчулар" деп атады.

"Мындан улам биз аларга каршылык көрсөтүү үчүн контртеррордук операция өткөрүшүбүз керек. Мен контртеррордук штабды жетектейм. Булар анык террочулар. Учурда алар Алматы жана башка шаарларда башаламандык кылып жатышканы бизге белгилүү. Алар имараттарды, эң башкысы курал-жабдыктар сакталган жайларды басып алууда. Алар аскердик окуу жайлардын курсанттары менен кармашып жатышат. Учурда Алматынын жанында Коргоо министрлигинин Аба-десанттык бөлүгү менен кармаш жүрүп жатат", - деди Токаев.

Казак президенти ошондой эле "террордук топтор чет жакта катуу даярдыктан өтүп келишкенин жана Казакстанга болгон кол салууну агрессия актысы катары кароо керек экенин" билдирди.

Ушул эле жыйында Токаев мамдекетте тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурады. Бул уюмга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Буга чейин Казакстандын расмий органдары нааразылыктар учурунда сегиз полиция жана улуттук гвардиянын бир аскери каза болгонун билдирген.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG