Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:45

Алматы комендатурасы "антитеррордук операция" башталганын билдирди


Алматыда "антитеррордук" операция башталганын калаа комендатурасы билдирди. "Алматы комендатурасы тургундарды сабырдуулукка жана коомдук тартипти орнотууда укук коргоо органдарына көмөктөшүүгө чакырат", - деп айтылат атайын билдирүүдө.

6-январга караган түнү Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынында Алматыда башаламандык жараткан топторду "анык террорчулар" деп атады.

"Мындан улам биз аларга каршылык көрсөтүү үчүн контртеррордук операция өткөрүшүбүз керек. Мен контртеррордук штабды жетектейм",-деди Токаев.

Ошондой эле казак лидери мамлекетте тартипти камсыз кылуу үчүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун лидерлеринен жардам сурады.

Казакстандагы нааразылыктар учурунда сегиз полиция кызматкеринин өмүрү кыйылып, күч түзүмдөрүнүн 300дөн ашуун кызматкери жарадар болгонун коңшу өлкөнүн бийлиги билдирди.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек.

5-январда Алматы шаарында жарыяланган өзгөчө абал режиминин алкагында коменданттык саат киргизилди. Коменданттык сааттын убактысы түнкү саат 23:00дөн таңкы саат 7:00гө чейин деп белгиленди. Шаардын коменданты болуп калаанын милиция департаментинин башчысы Канат Таймерденов дайындалды.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондогон шаарында уланып жатат. 5-январга караган түнү митингдер полиция менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарды бастырып кирүү менен уланды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG