Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:38

Министрлик коронавирус көрсөткүчүнүн кескин жогорулоо себебин түшүндүрдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги 5-январда коронавирус боюнча көрсөткүч кескин жогорулаган себебин түшүндүрдү. Мекеменин маалыматына караганда, бир күндө катталган 152 адам деген көрсөткүч майрам күндөрү лабораториялар иштебеген учурда топтолгон анализдер болчу.

Кыргызстанда Жаңы жылдык майрамга байланыштуу 31-декабрь жана 1-2-январь күндөрү анализ жүргүзүүчү лабораториялар иштеген эмес.

4-январда коронавирус менен 52 адам катталса, 5-январда 152 адам болуп, соңку үч айдан берки көрсөткүч 3-3,5 эсе жогорулаган.

Өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын расмий катталган саны 180 миңден, 2800дөн ашты.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG