Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

ТИМ Казакстандагы кыргыз жарандарына кайрылды


ТИМ имараты.
ТИМ имараты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын аймагында болуп жаткан окуяларга байланыштуу ал өлкөдөгү кыргыз жарандарына кайрылып, мамлекеттин мыйзамдарын так сактоого, чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактарга катышпоого, адамдар көп топтолгон жерлерге барбастан, жашаган жеринен алыс чыкпоого чакырды.

ТИМ Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы консулдугу менен биргеликте коңшу өлкөдөгү абалга көз салып, кыргыз диаспоралары менен тыгыз байланышып жатканын маалымдады.

Учурда кыргыз-казак өткөрмө бекеттери штаттык негизде иштеп, мекенине кайтууну каалаган кыргызстандыктар чек арадан тоскоолдуксуз өтө алышат. Жарандар укуктук жардам алуу үчүн Кыргызстандын Казакстандагы бардык дипломатиялык мекемелерине кайрылса болот.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингдер ондон ашык шаарга тарады. 5-январга караган түнү полициялар менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарды бастырып кирүү менен коштолду.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышкан. Президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG