Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:11

Кыргызстан Казакстанга өз колдоосун билдирди


Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туусу.
Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик туусу.

6-январда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандагы кырдаалга байланыштуу билдирүү таратты. Анда “эки элдин эзелтеден берки тарыхы көрсөткөндөй, Кыргызстан бир тууган Казакстанга тилектеш жана бардык колдон келген жардамын берүүгө даяр”, - деп айтылат.

ТИМдин билдирүүсүндө Кыргызстан казак эли менен бийлиги бардык маселени "диалог аркылуу укуктук талаада чече аларына" жана Казакстан кырдаалды "сырттан кийлигишүүсүз жөндөйт" деп ишенип турганы белгиленет.

АКШ, Евробиримдик дагы казак бийлигин сабырдуулукка, ал эми нааразылыкка чыккандарды өз талаптарын тынч жол менен билдирүүгө үндөдү.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. 5-январга караган түнү полициялар менен кагылышуу жана мамлекеттик имараттарды бастырып кирүү менен уланды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Аны улай президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, коомдук тартипти бузгандарга катаал чара көрүлөрүн эскертти. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG