Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:26

"Алматыда кыргыз жарандарын көчөгө чыкпагыла деп жатабыз"


Алматы, Казакстан. 6-январь, 2022-жыл.
Алматы, Казакстан. 6-январь, 2022-жыл.

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу "Азаттык" Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун өкүлү Кайрат Жакыпов менен байланышты.

- Кайрат мырза, Алматыдагы соңку окуялар курчуп кетти. Ал жакта жашап, иштеген кыргыз жарандары менен байланыш болуп жатабы?

- Маалымат катары айтсам, Кыргызстандын жарандары бардыгы үйүндө отурушат. Кыргызстанга кетем дегендер чек арага чейин такси менен чыгып жатышат. Жаракат алгандар арасында кыргыз жарандары жок.

- Кыргызстанга кетем деп кайрылгандар көппү?

- Жок. Көп эмес, көпчүлүгү бул жакта жумуш кылгандыктан эч жакка чыкпай эле отурушат.

- Жалпысынан абал кандай болуп турат бүгүн, тынчыдыбы?

- Аны айтыш кыйын, себеби бул жакта телефон да иштебейт, интернет да жок. Азырынча тынч. Консулдукта турабыз. Тегеректе абал тынч эле. Акимчилик жакта деле тынч, эч кандай атышуу жок.

- Бүгүн Алматыда күч органдары атайын операция жүргүзүп жатканы кабарланууда. Сиздерге, балким, көрүнүп жаткандыр?

- Жок, биздин райондо андай жок. Балдар Алматыны бир сыйра кыдырып келишти. Көчөдө машиналар жүрүп жатат. Дүкөндөр иштегени иштеп жатат, бирок көп социалдык объекттер иштебей турат.

- Сиздердин имарат кечээ негизги окуялар болгон жерге жакынбы?

- Биздин райондо, консулдук шаардык акимчиликтен 1-1,5 чакырым аралыкта жайгашкан. Ошол акимчилик алдында болду. Кырдаал кечээ кичине оор болгон. Бүгүн тынч, ал жерге да барып келдик. Адам жок ал жерде.

- Шаарда абалды күч кызматкерлери толук көзөмөлдөп турат деп айтсак болобу?

- Аны мен айта албайм. Себеби, алар менен да байланыш жок болуп жатат. Көчөдө басып жүргөн адам аз. Машиналар жүрөт, бирок анчалык көп эмес.

- Алматы аймагында кыргыз жарандары аз эмес. Алардан тышкары Алматы аэропорту аркылуу чет өлкөлөргө каттаган да жарандарыбыз бар. Айрымдар каттам токтогондуктан сиздерден жардам ала албай калганын социалдык түйүндөр аркылуу жазып жатышат...

- Бул жакта байланыш аябай начар болууда. Интернет да жок. Шаардык телефон байланышына да, уюлдук байланышка да аябай күч келгендиктен начар болууда. Кээде эле телефон шыңгыраганда алып жатабыз. Көбүнчө байланыш жок.

- Интернет бүгүн калыбына келип калдыбы толук?

- Жок. Интернет үч күндөн бери жок.

- Сиздерге кайрылган мекендештерибиз көппү, алар эмне жардам сурап жатышат?

- Кайрылгандар болуп жатат. Кыргызстанга кетебиз деп эки жаран кайрылган. Аларга такси табылып, азыр жолго чыгышат.

- Бул бүгүнкүбү же жалпысынанбы?

- Бүгүн кайрылгандар. Ал эми кечээ каттам менен самолеттон уча албай калган 10 киши болгон. Алар да азыр "Алтын Ордо" деген жерге барып, таксиге отуруп кетишет Кыргызстанга. Шаар жабык. Кире бериш жолдор жабылган. "Алтын Ордо" деген жерге жетип, андан ары такси менен Кордайга чыгышат.

- Сиздер менен байланыша албай жаткандарга эмне айтат элеңиздер?

- Биз колдон келген жардамды берип жатабыз. Консультация берилүүдө. Эгер өтө шашылыш болбосо үйүнөн чыкпай эле отура турушса. Шашылыш кетебиз дегендер үчүн чек ара ачык.

- Азыркы шартта мекендештерге жардам берүүдө сиздер үчүн кандай кыйынчылыктар болууда?

- Шаар ичинде азыр такси жок, кээде-кээде эле чыгып калбаса. "Алтын Ордого" такси менен гана жетсе болот. Коомдук транспорт да жок. Калганы чечиле турган маселелер. Диаспоранын да жардамын сурайбыз. Кыргызстанга барчуларды жергиликтүү бийлик коопсуздукту сактап берсе, алардын машинасы менен "Алтын Ордого" жеткирип беришсе деп.

- Алматы аймагында канча кыргызстандык бар? Алар негизинен эмне менен алек?

- Так санын айтуу кыйын. Себеби, Казакстан менен түзүлгөн келишимде сөзсүз консулдукка каттоого туруу деген талап жок. Биздин жарандар көбүнчө соода-сатыкта, чакан жана орто ишканаларда, компанияларда эмгектенишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG