Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

"Ак сарай ичиндеги интригалар айдан ачык болуп калды"


Казакстандын туңгуч президентинин күйөө баласы Тимур Кулибаев, анын жубайы Динара Кулибаева (Назарбаева), казакстандык миллиардер Владимир Ким.

Казакстандагы окуялар жакырланган калк менен олигархтардын ортосундагы ажырым жогорку чекке жеткенин көрсөттү. Бул окуялардан кийин казак бийлигинин диктатурасы күч алышы мүмкүн. Мындай пикири менен Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору Эрика Марат «Азаттыкка» бөлүштү.

- Эрика айым, Казакстандагы соңку окуялар бийликтин жогорку сересиндеги кризисти далилдедиби? Токаевдин баарын өзү айткандай «террордук топторго» шылтоосу бийликтин жүзүн сактап калуу аракетиби?

- Казакстандагы окуялар эл олигархтардан турган элита менен карапайым катмардын, тактап айтканда эптеп жан багып жаткан калктын ортосундагы ажырымга мындан ары чыдай албай калганын көрсөттү. Анткени бул ажырым соңку жылдары өтө эле тереңдеп кеткен.

Албетте, бул бийликтин жүзүн, Нурсултан Назарбаевдин жүзүн сактап калуу аракети. Мунун баары бийлик башындагылар жемкорлукка белчесинен баткан дегенди жана бийликтин адилеттүү бөлүштүрүлүшүн жана өлкөдөгү саясий түзүлүштү өзгөртүүнү каалабайт дегенди билдирет.

Эрика Марат
Эрика Марат

Ак сарай ичиндеги интригалар айдан ачык болуп калды. Бирок, албетте, бул жерден ким эмне кылганын так айта албайбыз. Азыр маалымат абдан аз. Интернет өчүрүлгөн. Мунун баары имиштердин деңгээлинде эле чыгып жатат. Маалымат таңкыстыгы болгондо ар кандай конспирологиялык теориялар күчөйт. Биз азыр ар кандай маалыматтарды бөлүшүүдөн этият болушубуз керек.

- Бийлик өлкөнүн булуң-бурчтарындагы митингдерди дээрлик күч менен басты. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлеринин кириши коомдун кыжырын келтирип, кризис тереңдеп кетишине өбөлгө болбойбу?

- ЖКУУнун күчтөрүн киргизүү өтүнүчү менен кайрылуу, өзүнүн куралсыз элине каршы эл аралык күчтөрдү чакыруу – албетте, казак бийлигинин чектен чыккан көрүнүшү. Калк арасында айрымдар бул күчтөрдүн киришин туура көрүшү мүмкүн. Кимдир бирөө алар мамлекетте туруктуулуктун орношуна, башаламандык менен талап-тоноочулуктун токтошуна өбөлгө болушу мүмкүн деп ойлойт. Бирок көптөр бийликтин бул кадамын колдобойт. Алар муну менен мамлекет башында тургандар өз өлкөсүнүн эгемендигин курмандыкка чалуу менен бийлигин сактап калуунун аракетин көрүүдө деп санашат.

Анын үстүнө АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да «орустар бир кирип алгандан кийин кайра чыгышы оор болуп калышы мүмкүн» деп айтпадыбы. Мен буга толугу менен кошулам. Орусия Казакстанга канча аскерин киргизбесин, азбы, көппү - символикалык көрүнүш. Бул Орусия Казакстан режимин үстүртөн саясий көзөмөлдөй аларын, Казакстанды ким башкарарын тескей аларын айгинелейт. Орусиянын ичинде улутчул көз караштагы маанайлар жаралып жатканын көрүүдөбүз. Алар ачык эле "Казакстанды Орусияга кошуш керек" деп айтып жатышат.

- Коңшу өлкөдө мындан ары окуялар кандай нукта өнүгүшү мүмкүн? Кырдаал кантип жөндөлөт деп ойлойсуз?

- Тилекке каршы, жакынкы маалда Казакстандын бийлиги диктатура орнотуп, калкты катуу көзөмөлгө алат деп күтсөк болот. Ошондой эле жарандардын тынч топтолушуна мындан ары жол бербей, дароо басып турат. Ошол эле маалда Казакстандагы ушул окуяларга жеткирген терең маселелер чечилбейт. Бирок, нааразылык митингдери өлкөнүн ар кайсы аймактарында дагы эле уланат деп ойлойм.

Казак бийлигинин алдында олуттуу дилемма турат. Мындан ары эмне кылыш керек? Калкты угуп, саясий башкарууну өзгөртүп, экономикалык реформаларды жасоо зарылбы же буга чейин бийлик колдонуп келген ыкмаларды колдонууну улантуубу? Каршылык акцияларын же дебаттарды басуу керекпи? Мына ушулардын үстүнөн ойлонушу керек деп ойлойм.

- ​Кыргызстан кошуна мамлекеттеги бул окуялардан кандай сабак ала алат?

- Оболу, коңшу өлкөдөгү окуядан кийин парламент кандай сабак алышы керек деген маселеге токтоло кетейинчи. Парламенттеги бир нече депутаттын кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы добуш бергени абдан жакшы саамалык. Алар ушундай өз көз карашын ачык билдирүү мүмкүнчүлүгү бардыгын абдан жогору баалашы зарыл. Анткени Кыргызстан постсоветтик диктатурадан эркин коомго өтүү боюнча татаал жолду басты.

Албетте, Кыргызстандын өзүнүн көйгөйлөрү көп, бирок ошентсе дагы жарандык коом жана саясий ландшафт кыйла ачык. Ал эми Жапаровдун кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө макул болушу тагдырдын тамашасындай болуп калды. Анткени ал өзү президенттикке мурунку бийликке каршы көтөрүлгөн элдик толкундоонун шарапаты менен келбеди беле. Кыргызстан үчүн бул жакшы сабак болушу керек. Эгер өлкөдө жапырт каршылык акциялары башталса, ага кошулуп ак сарай ичиндеги оюндар дагы өлкөнү туруксуздукка түртүшү ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG