Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:05

“Казакстан сулуусу”, Назарбаевдин “жубайы”: Асел Курманбаева ким?


Асел Курманбаеваны Нурсултан Назарбаевдин “үчүнчү жубайы” деп айтып жүрүшөт
Асел Курманбаеваны Нурсултан Назарбаевдин “үчүнчү жубайы” деп айтып жүрүшөт

Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевдин “үчүнчү жубайы” делген Асел Курманбаева жана экс-президенттин чөйрөсүндөгү эки кишинин ысымы “Пандора кагаздары” иликтөөсүндө айтылды.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) ырастагандай, Курманбаева жашыруун офшордук келишимдер аркылуу миллиондогон доллар иштеп тапкан. Pandora Papers иликтөөсүндө айтылган Асел Курманбаева тууралуу эмне белгилүү?

40 жаштагы Асел Курманбаева – “Астана Балет” мамлекеттик театрынын арт-менеджери.

Иликтөөчүлөр бул мекемени Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев менен Асел Курманбаеванын байланышын тастыктоо үчүн мисал келтиришет. Театр 2012-жылы Назарбаевдин демилгеси менен негизделген. Курманбаева “Астана Балетти” түптөгөн компаниянын биринчи негиздөөчүсү. Кийин театрдын ээси "Назарбаев фонду" болуп, анан мамлекеттин карамагына өткөн. Учурда Курманбаева театрды жетектейт.

“Пандора кагаздары” деген атка конгон OCCRP иликтөөсүндө, Назарбаевдин "үчүнчү аялы" Асел Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү бар болгону көрсөтүлөт. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн Назарбаевдерге жакын саналган олигарх Владимир Ниге 30 миллион долларга сатканы айтылат.

“Пандора кагаздары” маалыматында, Курманбаева акчаны 2010-жылы Владимир Ни каза тапкандан эки айдан кийин алганы көрсөтүлөт. Акча Нинин кызына мурас катары өткөн компаниядан которулган жана ага Назарбаевге жакын саналган олигарх Владимир Ким күбө өткөн.

“Пандора кагаздарында” ысымы аталган Владимир Ни СССР ураганга чейин эле (1985-жылы) Назарбаевдин жардамчысы болуп иштеген. Казакстан эгемендүүлүккө жеткенден кийин ал Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп иштейт. Назарбаевдер каржылаган «Казахмыс» корпорациясынын директорлор кеңешине кирген. Ни 2010-жылы каза тапкан.
Forbes версиясында Владимир Ким Казакстандагы эң бай адам. Америкалык журнал анын каржылык абалын 4,7 миллиард доллар деп көрсөткөн.

Курманбаева тууралуу эмне белгилүү?

Асель Исабаева (кийин фамилиясын Курманбаева деп өзгөрткөн) Лондондогу “Дүйнө сулуусу” сынагында
Асель Исабаева (кийин фамилиясын Курманбаева деп өзгөрткөн) Лондондогу “Дүйнө сулуусу” сынагында

“Мисс Казакстан” сынагына катышкан 1999-жылдагы интервьюсунда Курманбаева Алматыда төрөлүп, Талды-Коргондо өскөнүн айткан жайы бар. Хореографиялык окуу жайда билим алган. Ал сынакка Алматыдагы Абылай хан атындагы чет тилдер университетинин атынан катышкан. Улуттук сынактан жеңип чыккандан кийин Лондондо өткөн “Дүйнө сулуусу” сынагына катышып келген. Ал кезде анын фамилиясы Исабаева эле.

“Азаттыктын” казак кызматынын маалыматында, анын атасы Тлектес Исабайулы Есполов. Кыязы, ал апасы Гүлбан Курманбаеванын ысымын алган болушу мүмкүн. Паспорт алмаштырууга эмне себеп болгону белгисиз.

“Дүйнө сулуусу” сынагынан кийин Курманбаева эч кандай сыйлыктарды алган эмес жана ЖМКга сейрек чыгып калган. Туура жыйырма жылдан кийин, 2018-жылы аны Назарбаев катышкан жыйындардын биринен байкашкан. Ал чиновниктер менен бир залда отурган.

Асель Курманбаева, 2018-жылы тартылган сүрөт
Асель Курманбаева, 2018-жылы тартылган сүрөт

Назарбаев менен Курманбаева расмий никеде турабы же жокпу, анысы белгисиз. Асел Курманбаева эки баласынын документеринде "фамилия" деген жерге "Нурсултан" жана "Нурсултанулы" деп көрсөткөн.

Асел Курманбаеванын атасы Тлектес Есболов 20 жылдай Алматы агрардык университетин башкарган дейт “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы. Ал кызына байланышкан иликтөөнү “ушак” деди.

“Баарыбыз балдарды тарбиялайбыз. Биз улуттун намысын коргогон адамдарбыз. Мен атамын, мен агартуучумун, окумуштуумун. Мындай болбош керек”, - деген Есполов кабарчыга.

Аян КАЛМУРАТ

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG