Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 18:33

"Казак президенти чукул реформа жасашы керек"


Кеңешбек Дүйшөбаев Улуттук коопсуздук комитетин 2010-2012-жылдары жетектеген.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кыска убакыттын ичинде кардиналдуу реформа жасабаса, убакыт ага каршы иштей баштайт. Мындай пикирин Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Казакстандагы кырдаал тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

- Казакстанда 2-январда нааразылык акцияларынан башталган тополоң ЖККУнун кийлигишүүсү менен басылды. Тополоңдун себебин эмнеден көрүп жатасыз? Чын эле мамлекеттик төңкөрүш жасоону максат кылган террорчул топтордун аракети болдубу?

- Казакстандагы окуялар мага 2005-жылы, 2010-жылы Кыргызстанда болгон окуяларды элестетти. Бизде элдин экономикалык кыйынчылыктардан, саясаттагы көп каталардан топтолгон нааразычылыктар акыр-аягында революцияга айланбады беле. Казакстанда да экономикалык көп көйгөйлөр туулуп, газдын кескин кымбатташынан эл нааразылык акцияларына чыгып, ал бара-бара чоң ишке айланып кетпедиби.

Мындай учурду пайдаланганга көп эле күчтөр кызыкдар болот. Биз билген маалыматтарга караганда, экономикалык көйгөйлөр менен чыккан элдин тынч талаптарын мамлекеттик төңкөрүшкө айландырууга аракет кылышты окшойт. Президент Токаевдин элге кайрылып, "козголоңчулар, террорчулар, эл аралык деңгээлдеги күчтөр келип, мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылды" дегенинде негиз бар деп ойлойм.

Албетте, тополоңду басканга казактардын аскер күчтөрү, укук коргоо органдары өздөрү эле аракет кылышты. ЖККУнун күчтөрү тополоңду басканга катышты деп эсептебейм. Анткени, ал жөнүндө бир да факт жок. Анын үстүнө киргизилип жатканда Токаев дагы, ЖККУнун башчысы дагы стратегиялык обьектилерди коргоп, анан тополоңду басууга шарт түзөбүз дебедиби. ЖККУнун күчтөрү Казакстанда калат деп да ойлойбойм. Убактысы келгенде кетет болуш керек. Бүткүл дүйнө коомчулугу карап турат да.

- ЖККУ күчтөрүнүн киргизилиши анын тарыхында биринчи жолу катталып жатат. Учурда өлкө эгемендигине залал келтире турган кадам болуп калды деп тынчсызданган пикирлер болууда. Сиздин оюңуз кандай?

- Эксперттик деңгээлде да, коомчулукта да, казак элинин арасында да ушундай сөздөр көп болуп атат. Эгер ЖККУнун күчтөрү стабилдүүлүк орногондон кийин кетип калса эле мындай сөздөргө негиз жок калат го. Бирок, Токаев мындай кадамды жасабаганда тополоң күчөп кетип, казак мамлекетинин келечегине оор кырдаал түзүлүп калмак.

- Казакстанда кылмышка шектүү деп кармалгандардын арасында беш кыргызстандык бар экени айтылды. Кыргызстандык жарандардын тополоңго тиешеси бар экенине ишенесизби?

- Мындай масштабдуу тополоңдордо көп адамдар болбогон жерден илинип калуусу – болуп эле жүргөн иш. Анткени, укук коргоо органдары ылгабай туруп эле четинен камай беришет. Анан бир-бирден териштиришет. Ошондой болуп калышына мен ишенем. Кыргыз жарандары атайы барып, ал жакка аралашканына мен ишенгим келбей жатат. Анткени, кыргыздардын өздөрүнүн көйгөйлөрү толтура. Биздин канча жарандарыбыз көр оокаттын айынан Орусияда, Казакстанда жүрүп атышат. Албетте, ар бир жарандын эмне болуп кармалып калганы, эмне иш жасаганы абдан текшерилиши керек. Биздин дипломатиялык уюмдар да ага сөзсүз аралашып, коргоочу адвокаттар менен камсыз кылып, текшерүүгө өздөрү тыкыр катышуусу керек.

- Акыркы маалыматтардан тышкары буга чейин Викрам Рузахунов аттуу музыкант бейкүнөө кармалып, жабыркады, акыры бошотулду. Бул өңдүү калпыс көрүнүштөр эки өлкөнүн достук, кошуналык мамилесин татаалдаштырбайбы?

- Рузахуновдун видеодогу абалынан эле анын зомбулукка туш болгону, айтылган сөздөр анын сөзү эмес экени, зордук, күч менен айттырылып жатканы көрүнүп эле турат. Рузахуновдун маселеси мисал катары калган жарандардын ишин тыкан иликтегиле деп казактарга айтканга негиз болот. Ал боюнча мыйзамдуу чечимдер кабыл алынса, эки тараптуу мамилелерге таасирин тийгизбейт. Эгер мыйзам бузулса, туура эмес иштер жасалса, албетте, мамилеге көлөкө түшүрөт.

- Казакстандын Ички иштер министрлиги 300дөй куралчан адам чет өлкөгө чыгып кеткенин билдирди. ЖККУнун онлайн сессиясында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров да террорчулардын Кыргызстанга кирүү тобокелчилигин айтты. Чын эле куралчандар Кыргызстанга кирип, жайгашуусу мүмкүнбү?

- Кыргызстанга бул окуялар чоң деңгээлде кедергисин тийгизип, стабилдүүлүктү бузат деп ойлобойм. Биздин куралдуу күчтөр менен укук коргоо органдары мындай тополоңдорду бир нече жолу башынан өткөргөн. Тажрыйбасы бар. Жол бербейт. Керектүү чараларды убагында кабыл алат деп ойлойм.

- Азыр бир топ маалымат каражаттары, талдоочулар Казакстанда чоң жаңжал кош бийликтин кесепетинен чыкты деп жатышат. Эгер ошондой болсо, бийлик кризисин жөнгө салуу үчүн кандай аракеттер керек?

- Жаңжалдын чыгышынын негизги себептеринин бири кош бийликтин кесепети дегендин жүйөөсү бар. Эми кош бийлик токтоду, стабилдүүлүккө толук шарт түзүлдү.

- Токаевдин бийлигинин келечеги барбы?

- Албетте, бар. Эл тарабынан шайланган президент. Буга чейин анын бийлигинин толук кандуулугу жөнүндө өйдө-төмөн көп сөз айтылып жаткан.

Бул окуядан кийин президент Токаев “эки тизгин бир чылбырды колго алып”, толук кандуу бийлик жүргүзөт деп ойлойм. Назарбаев болсо бийликтен кетти десе болот. Бир гана маселе, ал 30 жыл башкарды. Анын кадрлары, адамдары кийлигишип, мамлекеттин бардык булуң-бурчтарына орношушкан. Мындан ары алар Токаевге каршы кандай аракеттерди жасайт, каршылык көргөзөбү-жокпу, ошого жараша болсо керек. Бирок, күч негизинен Токаевге ооду. Алар эми абдан прагматик адамдар да. Кандайдыр бир соода-сатыкка, сүйлөшүүлөргө барып, компромисттик чечимге аракет кылат болуш керек. Президент Токаев дагы мамлекеттик деңгээлде ой жүгүрткөн, бардык бийликтин тепкичтерин басып өткөн чоң дипломат да.

- Реформа жасай алат деп эсептейсизби?

- Аргасы жок. Сөзсүз реформа, абдан чоң кардиналдуу өзгөрүүлөр болот. Ал кыска убакыттын ичинде эле башталат. Анткени, азыр Токаев үчүн ыңгайлуу убакыт түзүлдү. Эгер чоюп койсо, убакыт ага каршы иштеп баштайт.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG