Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:03

Музыкант Рузахунов Бишкекке келди, беш жаран камакта отурат


Музыкант Викрам Рузахунов
Музыкант Викрам Рузахунов

Казакстандагы соңку күндөрдөгү окуялар учурунда кыргызстандыктарга байланыштуу жаңы жагдайлар ачыкка чыкты. Казак мамлекеттик телеканалы "кылмышка шектүү" деп көрсөткөн кыргызстандык пианист Викрам Рузахунов бошотулду. Азыр дагы беш жаран камакта. Тополоңдо Кыргызстандын эки жараны да ажал тапты.

Алматыда кыргыз жараны каза болгон

Казакстандагы соңку күндөрдөгү башамаландык учурунда каза тапкандардын арасында кыргызстандык жаран да бар экени 10-январда расмий такталды. Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 33 жаштагы Азис Мусаев Алматыда 7-январда ок жеп каза болгон. Ал соңку жылдары коңшу өлкөдө фитнес-машыктыруучу болуп иштеп жүргөн.

Азиз Мусаев. Сүрөт социалдык тармактан алынды
Азиз Мусаев. Сүрөт социалдык тармактан алынды

Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дүйшекеев бейажал өлгөн кыргыз жаранынын сөөгүн мекенине алып келүү боюнча иштер жүрүп жатканын "Азаттыкка" кабарлады:

"Учурда биздин башкы консулдук иштерди жүргүзүп жатат. Каза болгон адамдын тек-жайын аныктап, жакындарын Алматыга алып келүү тууралуу сүйлөшүлдү. Анын сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү иши да жүргүзүлөт".

Элчи учурда мындан башка да жабыркагандар боюнча маалымат такталып жатканын кошумчалады. Сөз казак укук коргоо органдары ар кандай шек менен кармап, камакка алган кыргызстандыктар жөнүндө болууда.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Казакстандагы башаламандык учурунда дагы бир кыргызстандык жаран каза болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, маркумдун туугандары менен байланышып, тийиштүү иштер жүрүп жатат.

Викрам Рузахунов бошотулду

Тополоңго байланыштуу жалаа менен кармалып, Казакстандын мамлекеттик телеканалы кылмышка шектүү катары көрсөткөн пианист Викрам Рузахуновдун бул кылмыштарга тиешеси жок экени аныкталды. Алматынын Карасай милиция бөлүмчөсүндө кармалып турган музыкант менен 10-январда кыргыз дипломаттары жолуккан соң бошотулду.

Викрам Рузахуновдун казак телесиндеги видеосунан бир көрүнүш
Викрам Рузахуновдун казак телесиндеги видеосунан бир көрүнүш

Бул маалыматты "Азаттыкка" Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинин башчысы Алмаз Имангазиев ырастады:

"Биздин Алматыдагы баш консулубуз Назарали Арипов баш болгон дипломаттар, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Рузахунов камалып турган жерге барып, аны менен жолукту. Мындан соң ал бошотулуп, Бишкекке кайтты".

Жекшембиде "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" бети-башы көгөрүп, токмоктолгон Викрам Рузахуновдун видеосун көрсөткөн. Анда ал жумушсуздуктун айынан Казакстандагы митингдерге катышуу үчүн жалданып келгенин айткан. Бул видеодон кыргызстандыктар Рузахуновду дароо тааныды. Аны жакындан билгендер видеодо айтылгандарга ишенишпей, пианист зордук менен мындай сөздөрдү айтканын билдирип жатышты. Жарандык коом өкүлдөрү, чыгармачыл чөйрө катуу нааразылык билдирип, Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында акцияга чыгышты. Кыргызстан бийлик өкүлдөрү да реакция кылып, Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө нааразылык нотасын тапшырган.

Дал ушундай шартта Казакстандын укук органдары музыкантты бошотууга аргасыз болду. Казакстандын мамлекеттик телеканалы буга чейин тараткан Рузахуновдун видеосун интернеттен өчүрдү.

Музыкантты бошотуу боюнча жагдайды Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев "жарандык коомдун, бийликтин, Тышкы иштер министрлиги жана укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгы" деп баалады.

Кыргызстандын беш жараны камакта

Викрам Рузахунов бошотулганы менен Казакстанда соңку окуялардан соң Алматыда беш кыргыз жараны камакка алынганы белгилүү болду. Мындан сырткары Чымкент шаарында жашап жүргөн 38 кыргызстандык кармалып, кечээ түнү бошотулганын Тышкы иштер министрлиги расмий түрдө кабарлады.

Алардын бири 23 жаштагы Баялы Төрөгелдиевдин эжеси Жыпара Турдугулованын айтымында, инисин милиция кызматкерлери токмоктошкон:

"Кечээ түнкү 2лерде үйүнө келгенин келинибиз айтты. Аябай сабашыптыр. Милиция союл менен сабап, акчасын алып, машинесинин дөңгөлөктөрүн жарыптыр. Документин да бербей, "кайра суракка келесиң" дешиптир. Аны менен камалган көп сандагы кыргыз балдар бар экен. Алар жөнүндө коркуп айтпай жатышат".

Ошол эле кезде акыркы окуялардан соң Алматы, Чымкент сыяктуу калааларда жашаган кыргызстандыктарга каршы маанай күчөп, текшерүүлөр жүрүп жатканы айтылууда. Бул тууралуу аталган шаарларда жашаган кыргыз жарандары кабарлашты. Алматыда иштеп жүргөн жана атын атагысы келбеген журтташыбыздын билдиришинче, кыргызстандыктар соңку күндөрү коопсуздугунан чочулап жатышат:

"Чынын айтсам, оор эле болуп жатат. Айрымдар менен сүйлөшүп калсак, "баарын кыргыздар кылды, кыргыздар талкалады" деген адамдар чыгууда. Ушунун баары эле оор тиет экен. Биз азыр коопсуздугубуздан чочулап жатабыз".

Казакстандагы кыргызстандыктарга мамиле катаалдашканын Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да айтып чыкты. Ал мамлекеттик органдарды өлкө жарандарына укугун коргоо жаатындагы аракеттерди күчөтүүгө чакырды:

"Биздин мекендештер башка өлкөдө саясий ички иш-чараларга катышып, башаламандык, талап-тоноочулукка таптакыр жолобойт. Алар өз жумуштары менен гана алек. Керек болсо Кыргызстандагы соңку ыңкылапта да бир дүкөн тонолгон жок. Кошуна өлкөнүн тиешелүү органдары ар кандай чагымчылдык аракеттен алыс болушса! Викрам Рузахуновдун окуясы буга далил. Ал го атактуу музыкант болгону үчүн коомчулуктун көңүл борборунда болуп, биздин бийликтердин ыкчам аракети менен бошоду. Бирок азыр Викрам сыяктуу бейкүнөө айыпталып жаткан ар бир жараныбызды коргоп алуу милдети турат".

Ал тапта Казакстанда кармалган кыргызстандыктар тууралуу ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн жетекчилеринин видео жыйынында сөз болду. Бул жыйынга президент Садыр Жапаровдун ордуна катышкан Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандагы тополоңго тиешеси бар делген кыргызстандыктар тууралуу акыйкат иликтөө жүргүзүүнү өтүндү.

Акылбек Жапаров
Акылбек Жапаров

"Акыркы күндөрү жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда чет өлкөлүк жарандардын, анын ичинде кыргызстандыктардын Казакстандагы тополоңдорго, башаламандыкка тиешеси бар экени тууралуу маалыматтар чыгып жатат. Ушундан улам ар бир катталган учурга байланыштуу Казакстандын мыйзамдары менен эки жана көп тараптуу макулдашууларга ылайык акыйкат териштирүү жүрөт деген өтүнүч жана ишеним билдиребиз", -деди Жапаров.

Мунун алдында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев казак бийлигин соңку окуяларды иликтеп-териштирүүдө "риториканы өзгөртүшү керектигин, кыргызстандыктарды террорчулукка айыптоо туура эместигин" билдирген.


Буга чейин казак полициясы башаламандыкка тиешелүү деп шек саналып кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтканы менен кайсы мамлекеттер экенин ачыктаган эмес.

Өз кезегинде Тышкы иштер министрлиги Казакстандагы кыргыз жарандардын укугун коргоо боюнча иштер күчөтүлгөнүн кабарлоодо. Мекеменин маалыматына караганда, соңку күндөрү 1000ден ашык кайрылуу түшүп, алар боюнча элчилик кызматкерлери иштеп жатат. Мындан сырткары коңшу өлкөдөгү кыргызстандыктарды чыгаруу иштери жүрүп жатканы расмий айтылды.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG