Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Алматыда кармалган пианист. ТИМ Казакстанга нота жолдоду


Викрам Рузахунов. Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды.
Викрам Рузахунов. Сүрөт анын социалдык тармактардагы баракчасынан алынды.

Алматыдагы башаламандыкка жалданып келди деген шек менен кармалган кыргызстандык музыкант, пианист Викрам Рузахунов боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги коңшу өлкөгө нааразылык нотасын тапшырды.

Коомчулукта резонанс жараткан окуяны президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алып, Казакстанда адилетсиз кармалган кыргыз жарандары болсо, алар үчүн катуу күрөшө турганын билдирди. Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев башаламандыкты иликтөөдө "коңшу өлкө" деген сөздү көп оозанган казак бийлигин окуяны тергөөдөгү "риторикасын өзгөртүүгө" чакырды.

Тышкы иштер министрлиги музыканттын кармалышына байланыштуу Казакстанга нота тапшырды.

Музыкант тартылган тасма

9-январда "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" тараткан видеодо бети-башы көгөрүп, токмоктолгон жигит аны “белгисиз адамдар” 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге чакырганын айткан. Интернетте желдей тараган видеодогу кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду. Аны энеси, эжеси, чогуу иштеген кесиптештери тааныган.

“1-январда мага белгисиз адамдар байланышка чыгып, митингге катышуу үчүн 90 миң тенге сунуштады. Мен Кыргызстанда жумушсуз болгондуктан макул болдум. Алар мага билет алышып, 2-январда Алматыга учуп келдим. Алар мени Өзбекстандын, Тажикстандын жарандары бар батирге алпарышты. Митинг башталганда коркуп кетип батирге кайтып келдим. Ал жерде түнөп эртеси, үйгө кетип баратканда аскерлер Самсы айылынан кармашты”, - деген Викрам Рузахунов бул видеодо.

Ички иштер министрлиги Рузахуновдун кармалышына байланыштуу жагдайлар такталып жатканын, ал концерттик программага катышууга Алматыга чакырылганын билдирди. Жакындары музыкант Алматыга авиабилетти 16-декабрда эле алып, 2-январда учуп кеткенин бышыктаган.

Рузахуновду жакындан билгендер аны саясаттан алыс, чыгармачылыкка баш-оту менен берилген адам катары сыпаттап жатышат. Ал өзүнүн таланты менен эле көп акча таба турганын билдиришүүдө.

Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти, Рузахуновду узак жылдан бери тааныган Юлия Руцкая буларды билдирди.

“Моюнуна алды деген видеону кайталап көрө албай койдум. Аны катуу сабашканы көрүнүп турат. “Жумушсузмун” деп айтканда аны тааныгандар дароо түшүндү. Анткени ал жумушсуз эмес. Жаңы жылдык корпоративдердин баарына катышкан, иш тартиби бир ай мурун түзүлгөн адам 200 доллар үчүн Казакстанга бармак беле?”.

Рузахуновду жакындан билгендер аны саясаттан алыс, чыгармачылыкка баш-оту менен берилген адам катары сыпаттап жатышат.

Кайрат Примбердиев
Кайрат Примбердиев

“Казакстандагы эмес, Кыргызстандагы митингдерге катышканын, жарандык позициясын билдирип, оюн жазганын көргөн эмесмин. Тааныбаган адам чалып, 90 миң теңгеге чакырды дейт. Мындай кырдаалда, айрыкча жаз аткаруучу тааныбаган адамдын чакыруусу менен барышы деги эле мүмкүнбү?”, - деди Кыргызстандын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев.

Кыргыз бийлигине жакпаган риторика

Буга чейин Казакстандын бийлиги башаламандыкка катышы бар делип кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтып, бирок кайсы мамлекет экенин ачыктабай келген.

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу адилетсиз жоопко тартылып жаткан кыргыз жарандары болсо Кыргызстан ар бири үчүн катуу күрөшө турганын "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Мамлекет башчы кошуна өлкөдө болуп жаткан окуялардан толук кабардар экенин, музыкант Викрам Рузахунов тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмалар берилгенин белгилеген.

“Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катышы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз. Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү,” – деп жазган мамлекет башчы.

Казакстандын Бишкектеги элчилигинин астына чыккандар менен Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жолугушту. Ал коңшу өлкөнүн бийлигин "риториканы өзгөртүүгө" чакырды:

Камчыбек Ташиев
Камчыбек Ташиев

“Ал музыкант. Эртең менентен бери Викрам Рузахунов тууралуу бардык маалыматты текшердик. Ал эч кандай башаламандыктарга катышкан эмес. Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынан чыгып жаткан маалымат жалган. Коңшулар окуяларды иликтөө жаатында риториканы өзгөртүшү керек. Биздин атуулдарды террорчулукка айыптоо туура эмес. Мен биздин өлкөдө террорчулар жок деп жоопкерчилик менен айта алам”.

Ташиев Казакстанда башаламандык башталган күндөрү Кыргызстандан эч кандай террористтик топторго тиешелүү адамдар өтпөгөнүн, ал күндөрү чек арадан өткөн адамдардын саны дагы өзгөрбөгөнүн кошумчалады.

Казак милициясы Рузахуновдун атын алмаштырды

Ал тапта Казакстандын Ички иштер министрлиги видео тасмадагы жаран музыкант Викрам Рузахунов эмес, башка бир кыргызстандык - Закир Юбуров экенин билдирүүдө. Бирок ушул эле күнү Закир Юбуров аттуу жарандын жакындары "Азаттыкка" байланышып, видео тасмадагы жигит ал эмес экенин айтышты. Жакындары Юбуров Алматыда идиш-аяк сатып иштеп жүргөнүн, 7-январда жума намаздан чыккандан бери байланышпай, дайынсыз экенин билдиришти.

“Видеодогу киши менин бир тууганым эмес. Ал 7-январда жума намазын окуганы чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. Закир үй-бүлөсү менен Алматыдагы базарда соода кылып жашачу. Аялы, балдары да азыр анын кайда экенин билишпейт”, - деди агасы Тахир Юбуров.

Жарандык активист Адил Турдукулов кыргыз музыкантынын кармалып, телеканалдар аркылуу видеонун жайылтылышын казак бийлигинин акыркы кан төгүүлөрдү тышкы күчтөргө шылтоо аракети катары баалады.

Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

"Казакстандагы толкундоолор социалдык-экономикалык себептен улам болгон. Бирок казак бийлиги тышкы күчтөргө шылтап, башка өңүттөн көрсөткөнгө аракет кылып жатышат. 20 миң террорчуну аныктаган аларга өтө оор. Ошондуктан Борбор Азиядагы эң чабал жана эркин мамлекет Кыргызстанга оодарып коюу саясаты болуп жатат десек болот. Казакстандын күч түзүмдөрү "тополоңго кыргыз мигранттары катышты, керек болсо уюштурду" деген тыянак чыгарып коюшу толук мүмкүн. Расмий бийлик дагы ушундай тымызын аракет болуп жатканын билип жатат. Ошондуктан, Ташиев дагы митингчилерге барып, мындай провокациялардын алдын алып жатканын көрүп жатабыз".

Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги 2-7-январь күндөрү болгон митинг жана тополоңдордо 9-январга карата 164 адам каза болгонун расмий кабарлаган. Бирок казак бийлиги ушул эле күнү мындай маалыматты "техникалык ката" деген жүйө менен төгүнгө чыгарды.

  • 16x9 Image

    Марат Тагаев

    Марат Тагаев – “Азаттык” радиосунун кабарчысы. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин, Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Башкаруу академиясында магистратураны бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG