Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:30

Президент Жапаров адилетсиз жоопко тартылган жарандар үчүн күрөшө турганын айтты 


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандар болсо Кыргызстан ар бири үчүн катуу күрөшө турганын айтты. Бул тууралуу президент “Фейсбук” баракчасына жазды. Мамлекет башчы кошуна өлкөдө болуп жаткан окуялардан толук кабардар экенин, музыкант Викрам Рузахунов тууралуу маалымат социалдык түйүндөргө чыгары менен дароо министрликтерге тийиштүү тапшырмалар берилгенин белгилеген.

“Эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда иштер жүрүп жатат. Казакстанда иштеп жүргөн биздин жарандарыбыз көп. Балким, алардын арасында митингге катышып калгандар да болушу мүмкүн. Эгер катыштыгы жок, жөн гана адилетсиз жоопко тартылып жаткан жарандарыбыз болсо, алардын ар бири үчүн катуу күрөшөбүз. Эки өлкөнүн атайын кызматтарынын жыйынтыгын күтөлү,” – деп жазган мамлекет башчы.

Бишкекте 9-январда Казакстандын элчилигинин алдында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу өткөн акцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев барып, Викрам Рузахунов террорчу эмес экенин айтты.

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 9-январда тараткан маалыматка караганда, музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынганын жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткенин милицияга жакындары билдиришкен.

Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги башаламандыкка тийиштүү делип кармалгандардын арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин айтып, кайсы өлкө экенин ачыктаган эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG