Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Жакындары Казакстанда кармалган жигит "Закир Юбуров" деген маалыматты четке кагышты


Соцтармактарда кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырып, 9-январда Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына акцияга чыгышты.
Соцтармактарда кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырып, 9-январда Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына акцияга чыгышты.

Казакстанда тополоңго тиешеси бар деп кармалганы айтылган жигит "кыргызстандык Закир Юбуров" деген маалыматты анын жакындары четке кагышты.

Бир тууганы Тахир Юбуров “башаламандыкка катышым бар, Кыргызстандан 90 миң теңгеге жалданып келгем” деп көрсөтмө берген видеосу интернетке тараган адам менен туугандык байланышы жок экенин “Азаттыкка” билдирди.

“Видеодогу киши менин бир тууганым эмес. Ал 7-январда жума намазын окуганы чыккан бойдон дайынсыз болуп жатат. Закир үй-бүлөсү менен Алматыдагы базарда соода кылып жашачу. Аялы, балдары да азыр анын кайда экенин билишпейт”.

Буга чейин казакстандык айрым маалымат каражаттары өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянуу менен "акча алып, Алматыдагы тополоңго катыштым" деп айткан жигиттин видеосун жарыялашкан. Бул видео Кыргызстанда талкуу жаратып, анда сүйлөгөн жигит бишкектик музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Аны тасмадан көргөн туугандары тааныганын айтышкан жана Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдында кесиптештери, жакындары митингге чыгышкан.

Алар Рузахунов жалган жалаа менен кармалганын айтышып, бошотууну бийликтен талап кылышкан. Чогулгандар менен жолугушкан УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев музыкант видеодо көрсөтүлгөндөй "террорчу эмес" деп билдирген.

Викрам Рузахуновду кыргызстандык активисттер да тааныганын айтышып, талкуу жаралган. Казакстандын айрым маалымат каражаттарында кийинчерээк "ал Рузахунов эмес, 32 жаштагы Закир Убуров" деген маалымат чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG