Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Султанбаев: Рузахуновду деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракети тынчсыздануу жаратат


Музыкант Викрам Рузахунов. Сүрөт анын соцтармактагы баракчасынан алынды.
Музыкант Викрам Рузахунов. Сүрөт анын соцтармактагы баракчасынан алынды.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстандагы башаламандыкка катышы бар деген шек менен кармалышы боюнча “Фейсбуктагы” баракчасына комментарий жазды.

“Бир катар чет өлкөлүк ЖМКларда кыргызстандык жаз музыканты Викрам Рузахуновду Казакстанга митингге катышуу үчүн келген деп, аны деструктивдүү элемент катары көрсөтүү аракеттери тынчсызданууну жаратат. Мындай оңой эмес кырдаалда Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан бардык жагдайлар жана анын себептери тыкыр иликтениши маанилүү", - деген Султанбаев.

Ошондой эле учурда эки мамлекеттин Тышкы жана Ички иштер министрликтери тарабынан Викрам Рузахуновдун кармалышынын жагдайларын аныктоо боюнча тийиштүү иштер жүрүп жатканын белгилеген.

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 9-январда тараткан маалыматка караганда, музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынганын жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткенин милицияга жакындары билдиришкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG