Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:55

Ташиев казак бийлигин "риториканы өзгөртүүгө" чакырды


Камчыбек Ташиев. 9-январь, 2022-жыл.
Камчыбек Ташиев. 9-январь, 2022-жыл.

Бишкекте 9-январда Казакстандын элчилигинин алдында кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновго байланыштуу өтүп жаткан акцияга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев барды. УКМК жетекчиси Викрам Рузахунов террорчу эмес экенин айтты.

“Ал музыкант. Эртең менентен бери Викрам Рузахунов тууралуу бардык маалыматты текшердик. Ал эч кандай башаламандыктарга катышкан эмес. Казакстандын мамлекеттик телеканалдарынан чыгып жаткан маалымат жалган. Коңшулар окуяларды иликтөө жаатында риториканы өзгөртүшү керек. Биздин атуулдарды террорчулукка айыптоо туура эмес. Мен биздин өлкөдө террорчулар жок деп жоопкеричилик менен айта алам”.

Бишкекте Казакстандагы соңку башаламандыктарга тиешеси бар делип кармалган кыргызстандык мызыкант Викрам Рузахуновду колдогон митинг өтүп жатат. Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдына чогулган 50дөй киши Рузахуновду Кыргызстанга алып келүүнү талап кылып жатышат.

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон. Соцтармактарда Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги 9-январда тараткан маалыматка караганда, музыкант концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылган.

Авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында сатылып алынганын жана ал Алматы шаарына 2-январь күнү 20:00дө учуп кеткенин милицияга жакындары билдиришкен. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG