Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:38

ИИМ: Музыкант Рузахуновду Алматыга концерттик программага чакырышкан


Викрам Рузахунов.
Викрам Рузахунов.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Казакстанда башаламандыкка катышы бар деп кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов тууралуу 9-январда маалымат таратты.

Рузахуновдун кармалышына байланыштуу жагдайлар такталып жатканын, ал жакында концерттик программаны алып баруу үчүн Алматыга чакырылганын билдирди.

Жакындары Алматыга баруу үчүн авиабилет 2021-жылдын 16-декабрында алынып, музыкант 2-январь күнү, саат 20:00дө учуп кеткенин айтып беришкен.

“Аэропортко аны энеси Кундузхан Розахунова менен анын небереси, Бишкекте ИПАМ компаниясында программист болуп иштеген Аскат Сериков коштоп барган. Алар Казакстан Республикасында эч кандай туугандары жоктугун маалымдап, Алматыга концерттик программаларды жана музыкалык фестивалдарга катышууга гана барып жүргөндүгүн билдиришкен», - деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги өлкөгө кирип жана чыгып жаткан жарандардын баары укук коргоо органдары тарабынан толук көзөмөлдөнүп жаткандыгын кабарлады.

9-январда Казакстандын "Qazaqstan Ұлттық Телеарнасы" телеканалы башаламандыкка катышы бар деп кармалган, жарандыгы кыргызстандык делген адамдын видеосун тараткан.

Видеодо катуу сабалган адам “белгисиз адамдар” аны 90 миң теңгеге жалдап, Өзбекстан жана Тажикстандын башка жарандары менен кошо Алматыдагы митингге барганын айткан.

Анын Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болду. IT-тармагы боюнча адис Азиз Абакиров "Азаттыкка" муну ырастап, казак полициясынын ал жумушсуз деген маалыматын четке какты. Интернетте аны тааныгандар Викрам Рузахунов Алматыга концерт коюу үчүн тез-тез барып турганын жазып жатышат.

Кыргызстандык активисттер казак бийлигин маалыматты бурмалабай берүүгө чакырууда.

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларга байланыштуу беш миңден ашуун адам кармалганын, арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин кабарлаган. Кайсы өлкө жарандары экени так айтылган эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG