Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:13

ИИМ "куралчан 300дөй киши Казакстандан чыгып кетүүгө аракет кылган" деген маалымат таратты


Алматыдагы күйгөн имарат. 7-январь, 2022-жыл.
Алматыдагы күйгөн имарат. 7-январь, 2022-жыл.

Казакстандын Ички иштер министрлиги куралчан 300дөй адам өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кылганын 9-январда кабарлады.

“Куралчандар машине жана жөө жалаңдап качып бара жаткан жеринен кармалышты. Алардын курал-жарактары, уурдап бараткан баалуу буюмдары, чөнтөк телефондору, чоң суммадагы акчалары жана каражаттары болгон”, - деп кабарлады казакИчки иштер министрлиги.

Акыркы расмий маалыматтарга ылайык, Казакстанда 2-январда башталган митинг жана андан кийинки башаламандыктардан полиция менен күч түзүмдөрүнүн 18 кызматкери каза таап, 1300ү жарадар болду.

6-январдан бери Казакстанда “антитеррордук операция” жүрүүдө. Президент Касым Жомарт Токаев күч органдарына “эскертүүсүз атууга” буйрук берген. Эл аралык уюмдар, активисттер анын бул буйругун сынга алып, жарандарга карата ок атууну токтотууну талап кылган.

Казакстанда 10-январь улуттук аза күнү деп жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG