Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:39

COVID-19: Дагы эки бейтап каза болду, вирус жугузгандар көбөйө баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 9-январдагы маалыматына караганда, соңку бир суткада инфекциядан эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2818 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 190 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (121 адам). Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 185 867 адамга жетти.

Вакцина алгандар өлкө боюнча 2 млн. 274 миң кишиден ашты, алардын 1 млн. 242 миңдейи вакцинанын биринчи дозасын алган.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG