Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:03

“Чалдыбар-автожол" чек ара бекети чектелген тартипте иштеп жатат


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө бекети. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 2022-жылдын 8-январына карата кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекеттердин иштөө тартиби тууралуу маалымат берди. Маалыматка ылайык, “Чалдыбар-автожол" (Кыргызстан) - "Сыпатай Баатыр-автожол" (Казакстан) төмөндөгүдөй чектөөлөр менен иштейт:

  • Кыргызстандын жарандарына Казакстандын аймагына кирүүгө убактылуу чектөө коюлду;
  • Коңшу өлкөдө жүргөн кыргыз жарандары кире алышат;
  • Казакстандын жарандары чыгып кете алышат;
  • Оор жүк ташуучу транспорт каражаттары Казакстандын аймагына чектөөсүз кире алат.

Жлпысынан Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми кыргызстандыктар Чүйдөгү "Чалдыбар" жана Таластагы "Чоң-Капка" аркылуу гана кире алышат.

Учурда Кыргызстандын жана үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарынын Казакстандын аймагы аркылуу башка мамлекеттерге өтүүсүнө чектөө коюлду. Ушул тапта чек арада жарандардын жана транспорттун тыгыны байкалган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG