Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:45

Казакстанда кармалгандардын саны 5 миңден ашты


Тартип коргоо органынын кызматкери. Нур-Султан, 7-январь 2022
Тартип коргоо органынын кызматкери. Нур-Султан, 7-январь 2022

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандардын саны 5135 адамдан ашты. Бул Ички иштер министрлигинин 9-январга карата берген маалыматы. Киши өлтүрүү, бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук, талап-тоноо, бейбаштык жана уурулук фактылары боюнча 125 сотко чейинки иликтөө-тергөө иштери башталды.

Алматы облусунда атайын операция дале уланып жатат. Облустун коменданты Серик Күдебаев жашоочуларды тынчтыкты сактоого чакырып, мыйзам талаптарына баш ийбеген учурда тартип коргоо органдары курал колдонгонго чейин чечкиндүү чараларга бара турганын эскертти.

Ошого карабай кечинде Алматыда “катуу кармаш” байкалганын шаар акиминин орун басары Ержан Бабакумаров Хабар-24 телеканалына билдирди.

“Согушкерлер дагы деле куралдуу каршылык көрсөтүүдө. Турукташтыруу бар, бирок катуу каршылык көрсөтүүлөр болууда”, - деген аткаминер.

ИИМдин маалыматына караганда, “Алматыга 5-январда бир убакта 20 миң киши келген”. Башаламандык учурунда Казакстан боюнча полициянын 350 машинеси өрттөлүп, талкаланган. Ошондой эле “кылмышкерлер полиция кызматкерлеринин формасын кийип алып бийликтин беделине шек келтирүү максатында мыйзамсыз аракеттерге барганы” белгиленген.

Полициянын шаардык департаменти жарандарды “күмөндүү жарандар” тууралуу маалымат берип турууга чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG