Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:58

Алматыда 11 жаштагы балага ок тийип, каза болгон


Алматы шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көрүнүш. 7-январь, 2022-жыл.
Алматы шаарынын борбордук бөлүгүндөгү көрүнүш. 7-январь, 2022-жыл.

Алматыдагы башаламандыктарда 11 жаштагы балага ок тийип, каза болду. Окуя 5-январда, өспүрүм ата-энеси менен көчөдө бараткан маалда болгонун балдар омбудсмени Аружан Саин билдирди. Ал кошумчалагандай, дагы он беш жаштагы өспүрүмгө ок тийип, ооруканага жеткирилди.

Бийликтин маалыматына караганда, Улуттук Гвардиянын 18 аскери каза болуп, 700дөн көп киши жаракат алды. Ички иштер министрлиги ошондой эле 26 куралдуу адам өлтүрүлгөнүн билдирип жатат. Айрым байкоочулар билдиргендей, бийлик жайкын тургундардын арасында каза болгондордун санын жашырып жатат.

Жалпы Казакстанда 4000 ден ашуун адам кармалганы расмий маалымдалды.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 10-январды улуттук аза күнү деп жарыялады.

"Бир катар аймактардагы каргашалуу окуяларда көп адам курман болгондугуна байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 2022-жылдын 10-январын улуттук аза күнү деп жарыялоону чечти. Тиешелүү жарлык жарыяланат",-деп жазды "Фейсбук" баракчасына президенттин маалымат катчысы Берик Уали.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. 8-январда калаалардын көбүндө митингдер аяктаганы кабарланды.

Соңку үч күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери барды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG