Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:43

Биринчи май жана Свердлов округдарынан талапкер болууну каалагандар 21ге жетти


Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болууну каалагандардын саны 21 адамга жетти. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) сайтындагы маалыматка ылайык, азырынча эки шайлоо округунун биринен 13, экинчисинен тогуз адам талапкер болууну көздөп жатат.

Маалыматка ылайык, Биринчи май шайлоо округунда экономист Таалайбек Кермалиев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков, мурдагы вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева, адвокат Нурбек Токтакунов, шаардык кеңештин депутаты Рысбай Аматов, Бишкектин мурдагы вице-мэри Руслан Акылбеков, мурдагы күч кызматкери Анвар Сартаев жана башкалар бар.

Ал эми Свердлов округунан ЖКнын экс-депутаты Ирина Карамушкина, журналист Элнура Алканова, Бакыт Саадабаев, Бишкек мэринин мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова, жарандык активист Назгүл Жолдошева, дарыгер Муратбек Султанбеков жана башкалар арыз берген.

28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо Биринчи май жана Свердлов бир мандаттуу округдарында "баарына каршы" добуш бергендер көп болгон. Мыйзамга ылайык, мындай учурда кайра шайлоо жарыяланат.

Борбордук шайлоо комиссиясы кайра шайлоо өткөрүүнү 27-февралга белгилеген.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG