Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 18:45

Евробиримдик Казакстанды адам укуктарын сактоого чакырды


Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Казакстанды зордук-зомбулукту токтотууга чакырды. Ал ошондой эле окуяларга көз салып жатканын билдирип, "Евробиримдик мүмкүн болушунча жардам берүүгө даяр экенин" айтты.

Урсула фон дер Ляйен Казакстан тургундарынын укуктары жана коопсуздугу корголушу керектигин белгилеген.

Буга чейин Германия өкмөтүнүн расмий өкүлү Кристиане Хоффман Казакстандагы окуялар боюнча билдирүү жасады.

"Баардык тараптарды деэскалацияга жана кырдаалдан тынч жол менен чыгууга чакырабыз",-деди ал 7-январда тараткан билдирүүсүндө.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын ондогон кишилер каза тапкан каршылык акцияларын басууга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жардамга чакырганы суроолорду жаратат деп билдирген.

Америкалык башкы дипломат казак бийликтери мыйзам жана тартипти сактоо максатында демонстранттардын укуктарын бузбай, көчө акцияларын жөнгө салууга толук кудурети бар деп эсептейт.

7-январда ЖККУнун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери Алматы шаарына жеткирилди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG