Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

ТИМ: Казакстанда кармалгандар арасында кыргыз жарандарынын бар же жоктугу такталууда


Казакстандагы нааразылыктар.
Казакстандагы нааразылыктар.

Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу кармалгандар арасында Кыргызстандын жарандары бар же жок экендиги такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 8-январда билдирди.

“Учурда министрликтин тапшырмасы менен Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги жана Алматы шаарындагы Башкы консулдугу тарабынан кошуна өлкөнүн компетенттүү органдары жүргүзүп жаткан атайын операциялардын жүрүшүндө массалык тартипсиздиктерге катышкандыгы үчүн кармалгандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жок экендигин тактоо боюнча иштер жүргүзүлүүдө”,- деп жазылган мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстандын 100 миңге жакын жараны Казакстанда эмгек миграциясында жүрөт. Башка маалыматтарга таянсак, бул көрсөткүч бир нече эсе көп. Кыргызстандык мигранттардын басымдуу бөлүгү Нур-Султан, Алматы жана өлкөнүн түштүгүндөгү Чымкент шаарында.

Казакстандын Ички иштер министрлиги соңку окуяларга байланыштуу 4266 адам кармалганын, арасында кошуна өлкөнүн жарандары бар экенин билдирген. Кайсы өлкө жарандары экени так айтылган эмес.

Ошону менен бирге Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын аймагында жайгашкан мекендештерди Казакстандын мыйзамдарын жана эрежелерин туура сактоо менен, жашаган жеринен алыс чыкпай, ар кандай чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактуу окуяларга катышпоого, адамдар көп чогулган жерлерге барбоого дагы бир ирет чакырат.

Казакстандын аймагында, айрыкча Алматы шаарынын аймагында жүргөн жарандар төмөнкү телефон номерелери аркылуу Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен үзгүлтүксүз байланышта болууну сунуштайт:

+7 777 8150072 Кайрат Жакыпов

+7 777 0371448 Гульзат Абдурасулова

+7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева

+7 775 4634295 Медер Сапаралиев.

Ошондой эле консулдук-укуктук мүнөздөгү маселелер боюнча кеңеш алуу, кайрылуулар үчүн министрликтин ыкчам байланыш телефондору иштөөдө.

ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:

+996 551 312 000 - ыкчам байланыш номери

+996 555 007 626

+996 708 52 21 37

+996 707 989 895

+996 709 983 465;

Кыргызстандын Нур-Султан шаарындагы элчилиги

+7 (776) 124-88-33

+7 777 4733009.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG