Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Казакстандын ондогон кишилер каза тапкан каршылык акцияларын басууга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жардамга чакырганы суроолор жаратат деп билдирди.
Америкалык башкы дипломат казак бийликтери мыйзам жана тартипти сактоо максатында демонстранттардын укуктарын бузбай көчө акцияларын жөнгө салууга толук кудурети бар деп эсептейт.
“Эмне үчүн алар сырттан жардамга муктаж болгону белгисиз, биз бул боюнча кененирээк маалымат алганга аракет кылып жатабыз”, - деди мамлекеттик катчы Блинкен.
6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу максатында” деген жүйө менен Казакстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) жардам сураган. Ага удаа эле Орусия аскерлеринин алгачкы бөлүгү атайын техниканын коштоосунда Казакстанга келип түшкөнү кабарланды. Жума күнү Армения, Беларус, Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөттү.
7-январда уюмдун бейкуттук күчтөрүнүн миссиясынын курамына кирген Кыргызстандын 150 аскери Алматы шаарына жеткирилди.
Бир канча күндөн бери нааразылык акциялары уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2.5 миңдей аскери жайгаштырылат. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” жаңылыктар агенттигине билдирген.
Орусиянын Коргоо министрлиги Казакстандагы орус аскерлери “жергиликтүү күч түзүмдөрүнүн жана армия бөлүктөрүнүн ыкчам жана күжүрмөн иш-чараларына катышпайт” деп белгиледи. Орус президенти Владимир Путин Казакстандагы кырдаал боюнча билдирүү жасай элек.
Орус аскерлери соңку апталарда Украина менен чек арага жакын жерде ири күчтөрүн топтоп жатканы тууралуу маалымат тараган учурда атайын бөлүктөрүн эми Казакстанга да жөнөтүп отурат. Жума күнү онлайн уюшулган НАТОнун жыйыны дал ушул жагдайга, ошондой эле Орусия менен боло турган сүйлөшүүлөргө арналды.
Ошол жыйындын соңунда Блинкен Орусиянын Украинага каршы агрессиясы улана турган болсо, Батыш “чечкиндүү жооп берүүгө” даяр экенин айтты. "Бирок муну Орусия кааласа дипломатиялык жол менен чечүү дагы деле мүмкүн ", - деп белгиледи ал.
Батышта да, Орусияда да бир катар аналитиктер Владимир Путин тигил же бул формада Советтер Союзун калыбына келтирүүнү көздөп жатат деген пикирлер айтылып келет. Кремль мындай пландарды дайыма четке кагып келатат.