Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

HRW казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырды


Алматы, Казакстан. 7-январь, 2022-жыл.
Алматы, Казакстан. 7-январь, 2022-жыл.

Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюму казак бийлигин "эскертүүсүз ок атуу буйругунан" баш тартууга чакырып, муну мыйзамсыз деп атады.

Казак бийлиги бул буйругун тез арада жокко чыгарышы керек. Анткени ал эл аралык укук эрежелерине жана Казакстандын милдеттенмелерине каршы келет деп айтылат уюм тараткан билдирүүдө.

Полиция жана куралдуу күчтөр адам өмүрүн коргоого болгон аракетин көрүп, арагасыз учурда гана курал колдонууга барышы керектигин белгилейт уюм. Тиешелүү органдар зомбулук жана адам өлтүрүү боюнча билдирүүлөргө оперативдүү жооп берип, көз карандысыз иликтөө жүрүшүн камсыздашы керектиги айтылат.

Ошондой эле Human Rights Watch уюмунун өкүлү Летта Тайлер Казакстан эгемендик алган жылдар ичиндеги эң катаал кризисти башынан кечирип жатканын, бүтүндөй дүйнө өкмөттүн адам укуктарына жасаган мамилесине байкоо салып турганын айтты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 7-январда телеканалдар аркылуу кайрылуу жасап, өлкөдө "антитеррордук операциялар уланып жатканын маалымдады. Токаев “террорчуларга каршы эскертүүсүз ок атууга буйрук бергенин" билдирген.

“Бирок, террорчулар мамлекеттик жана жеке менчик мүлккө дагы деле зыян келтирүүдө, жарандарга карата курал колдонуусун улантууда. Ошондуктан укук коргоо органдарына жана армияга эскертүүсүз ок атууга буйрук бердим. Чет жакта тургандар тараптарды тынчтык жол менен сүйлөшүп чечүүгө чакырыктар айтылып жатат. Кандай акылсыздык! Кылмышкерлер жана киши өлтүргүчтөр менен кандай сүйлөшүү болушу мүмкүн? Биз чет элдик жана жергиликтүү куралдуу жана атайын даярдыктан өткөн башкесерлер менен кармашып жатабыз. Бандиттер жана террорчулар. Ошондуктан аларды жок кылыш керек. Бул жакын арада толук аткарылат”,-деген ал.

Мунун алдында Казакстандын Ички иштер министрлиги атайын операция учурунда 26 “куралдуу адам” өлтүрүлгөнүн, 18 адам жаракат алганын маалымдаган. Ага чейин, 7-январдын таңында президент “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөргөн.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Соңку үч күндөн бери Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери барды. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG