Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Украина соту экс-президент Порошенконун мүлкүн камакка алды


Петро Порошенко.
Петро Порошенко.

Украинада сот экс-президент Петро Порошенкого таандык делген бардык мал-мүлктү камакка алды. Мындай чечимди Киевдин Печерск райондук соту 6-январда чыгарды.

Соттун өкүмүнө Порошенкого мамлекеттик чыккынчылыкка байланыштуу козголгон кылмыш иши негиз себеп болду. Адвокат Игорь Голован экс-президентке айып тагууда мыйзам бузулганын белгилеп, жогорку инстанцияга арызданарын билдирди.

Порошенконун командасындагы булактар кабарлашкандай, саясатчыга тиешелүү бардык жер тилкелери, ага байланышы бар банктар, завод-фабрикалар, анын ичинде Козиндеги үйү, банк эсептери жана акциялары камакка алынды.

Декабрда Украинадан Польшага чыгып кеткен экс-президент, учурда Жогорку Раданын депутаты Петро Порошенко жакында кайтып келип, сотко катышарын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG