Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:03

Султанбаев: Кыргызстанда азык-түлүк жана күйүүчү май жетиштүү


Эрбол Султанбаев.
Эрбол Султанбаев.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кыргыз-казак чек араларынын жабылышына байланыштуу тынчсызданууга негиз жок экенин белгилеп, өлкөдө социалдык маанилүү азык-түлүк жана күйүүчү, майлоочу май жетиштүү экенин билдирди.

Султанбаев тараткан билдирүүдө, жарандарды азык-түлүктүн таңкыстыгы жана кымбатташына сарсанаа болбоого чакырат. Анын айтымында, дипломатиялык линия аркылуу эки өлкө чек ара бекеттерин эртерээк ачууга аракет кылууда. Казакстанда коомдук-социалдык абал толук турукташкандан кийин соода-экономикалык байланыш калыбына келери айтылат.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 7-январда казак тараптын демилгеси менен Чүйдөгү “Кордай” ( “Ак-Жол”), “Карасу” (“Ак-Тилек”) жана Ысык-Көлдөгү “Кеген” (“Каркыра”) чек ара бекеттери жабылды. Казак тарап чек ара бекеттеринин убактылуу жабылуусун Бирдиктүү маалымат тутуму иштебей калганы менен байланыштырды.

Буга чейин “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттерин убактылуу жабылганы маалымдалган. Учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара аймагында Чүй облусунда "Чалдыбар" жана Талас облусунда "Чоң-Капка " өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатышат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Башаламандык менен коштолгон бул акцияларда ондогон адам каза тапты. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган. Бийлик "контртеррористтик операция" жүргүзүп жатканын билдирүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG