Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:40

Садыр Жапаров ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась менен сүйлөштү


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 7-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Станислав Зась менен телефондон сүйлөшүп, Казакстандагы абалды жөнгө салууга багытталган уюмдун алкагындагы чараларды талкуулады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорку Кеңеш Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап, макулдук берди. Эл өкүлдөрүнүн 69у макул, жетөө каршы болду.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барат.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга "тынчтык орнотуу күчтөрүн" жөнөткөнү маалым болду.

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2,5 миңдей аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” маалымат агенттигине билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG