Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Токаев “конституциялык түзүлүш калыбына келгенин" билдирди


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрдү. Нур-Султан, 7-январь, 2022 жыл.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрдү. Нур-Султан, 7-январь, 2022 жыл.

7-январда эртең мененки саат 7де Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “контртеррордук штабдын" жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Акордонун сайты маалымдады.

Жыйынга президенттик аппараттын, Коопсуздук кеңешинин жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышкан.

“Өлкөнүн дээрлик бардык аймактарында конституциялык түзүлүш негизинен калыбына келтирилди. Жергиликтүү бийлик кырдаалга көз салып турат. Бирок террористтер дагы эле курал колдонуп, карапайым элге зыян келтирүүдө. Андыктан согушкерлер толугу менен жок кылынмайынча антитеррордук иш-чараларды улантуу зарыл”, - деген Касым-Жомарт Токаев.

Президенттин расмий сайты кайрадан ачылып, андагы маалыматтар жаңыдан бериле баштады. Буга чейин Акордонун жана башка сайттар, социалдык тармактар ачылбай жаткан.

"Азаттыктын" казак кызматы Алматы мэриясынын имаратындагы өрттү эч ким өчүрбөй жатканын билдирди. “Азаттыктын” Актаудагы кабарчысынын айтымында, Мангыстау облусунун акимиаты жабык турат.

Токаев бул жолу кайсы “террористтер” менен күрөшүп жатканын жана эмне үчүн аларды “жоочу” деп атаганын тактаган жок. Буга чейин ЖККУнун аскерлерин чакырган билдирүүсүндө казак президенти “чет өлкөдөн машыгуудан өткөн террордук топтор” менен күрөшүп жатканын айткан.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып келди. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Соңку эки күн ичинде Алматыда кырдаал курчуп, демонстранттар менен күч кызматкерлеринин ортосунда кагылышуулар болду. Президент Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусунан кийин Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлери келе баштады. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG