Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:49

Парламент имаратынын жанында ЖККУ боюнча пикет өтүп жатат


Жогорку Кеңештин имаратынын алды. 7-январь, 2022-жыл.
Жогорку Кеңештин имаратынын алды. 7-январь, 2022-жыл.

Бишкекте парламент имаратынын алдында кыргыз аскерлерин Казакстанга жибербөөнү талап кылгандар пикетке чыкты. Бүгүн Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап жатат.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга “бейпилдик күчтөрүн” жөнөткөнү маалым болду.

Азырынча уюмга мүчө мамлекеттердин ичинен Кыргызстандын аскерлери гана Казакстанга бара элек. Жогорку Кеңеш кворум жоктугунан бул маселени 6-январда кворум жок карабай калган. Ал күнү дагы Казакстанга аскерлерди жөнөтүүгө каршы акция өткөн эле. Коомчулукта дагы каршы пикирлер айтылып жатат.

Кечээ Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстан Казакстанга армия жөнөтүп жатканы жөнүндө билдирүү таратты. Президент кайрылуусун "Фейсбуктагы" баракчасында бөлүштү.

Анын алдында Министрлер кабинети кыргызстандыктарга жана коомдук-саясий күчтөргө Казакстанга аскерлерди жөнөтүү чечимине түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган кайрылуу таратты. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG