Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:24

Кыргызстан казак тараптын демилгеси менен эки чек ара бекети жабылганын билдирди


Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол бекети. Архив.
Кыргыз-казак чек арасындагы Ак-Жол бекети. Архив.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы Казакстандын Бирдиктүү маалыматтык системасы бузулгандыктан кыргыз-казак чек арасындагы “Кең-Булуң", "Токмок" автоунаа бекеттерин убактылуу жабууну сунуштаганын билдирди. 7-январдан баштап аталган чек ара бекеттери жабылды.

Чүйдөгү кыргыз-казак чек арасында "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдыбар", жана Ысык-Көлдөгү "Каркыра", Таластагы "Чоң-Капка" бекеттери иштеп жатат. Бул бекеттерде тыгын жок. Учурда кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарды.

Бул чечим кыргыз жарандары менен катар чет өлкөнүн жарандарына дагы тиешелүү.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын бир катар шаарларында уланып жатат. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG