Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Байсаловго манжасы менен ишарат көрсөткөн жаран эки суткага камалды


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго манжасы менен ишарат көрсөткөн 19 жаштагы жигит эки суткага камалды. Бул тууралуу Байсалов өзү "Твиттерге" жазып, ага доосу жоктугун, бирок милиция аны "бийлик өкүлүн мазактады" деген негиз менен камакка алганын билдирди.

6-январда Жогорку Кеңештин алдында Кыргызстандын аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы пикет өтүп жаткан кезде имаратка кирип бараткан Байсаловго бир киши ортоң манжасын көрсөткөн. Анын сүрөтү социалдык желеге тарап, кызуу талкууга алынган. Байсалов өзү "Твиттердеги" баракчасында ал жаранга дооматы жок экенин жазды.

Ошол күнү ал жаран Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, Жоруктар кодексинин 126-беренеси (“Майда бейбаштык”) боюнча материал толтурулган.

Милициянын басма сөз кызматы ал жаранды текшерүү учурунда пакетте 0,2 грамм белгисиз зат табылганын, экспертиза дайындалганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG