Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Кара-Суунун тургуну чогуу жашаган келинди муунтуп өлтүргөнүн моюнга алды


Кылмышка шектүү. Милициянын сүрөтү.
Кылмышка шектүү. Милициянын сүрөтү.

Кара-Суу районунда 38 жаштагы жаран чогуу жашаган аялды өлтүргөнүн моюнуна алганын Ош облустук милициясы билдирди.

Маалыматка караганда, киши колдуу болгон аял 30 жашта. Кылмышка шектүү өзүнүн башка да үй-бүлөсү бар экенин, маркум да "аялы" экенин айткан. Алар 5-январда Ош-Бишкек жолунда баратканда өз ара сөз талашып чырлаша кеткени, аягында аялды өлтүрүп алганы тууралуу көрсөтмө берген.

Келиндин сөөгү жолдун четинде, “Хундай-Санато” үлгүсүндөгү автоунаанын арткы отургучунда чалкасынан жаткан абалда табылган. Милицияга кабарды экөөнүн урушуп жатканын көргөн күбөлөр бергени айтылууда. Сөөктү кароо учурунда анын жоолугу моюнуна оролгону, тактар бар экени аныкталган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Шектүү кармалды, факты боюнча "адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда.

Интернетте окуя тууралуу кыска видео тарады. Анда келиндин сөөгү табылган машиненин айланасын милиция кызматкерлери тартып жатканын жана шектүүгө суроо бергенин көрүүгө болот. Кылмышка шектелген киши маркум "чыр салганын, өзүнүн жини келип башы иштебей калганын, аны уруп жана муунтканын" айтканы жазылган.

Кыргызстандын мыйзамдарында эки же андан көп аял алууга тыюу салынган. Коомчулукта шарыяттын эрежеси менен нике кыйдырып жашап, бул мыйзамды бузгандар көп экени айтылып келет. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG