Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:05

Токон Мамытов парламент депутаттарын Казакстанга барып келүүгө чакырды


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Жогорку Кеңештин депутаттары атайын делегация менен Казакстанга барып келиши керек. Бул тууралуу мурдагы акыйкатчы Токон Мамытов "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүнө катышкан учурда билдирди.

Мамытов Казакстандагы кырдаалдын курчушун эл менен бийликтин ортосундагы ажырымдын чоңоюп кеткени менен түшүндүрдү.

"Бийлик менен элдин ортосунда ажырым чоң болуп кетти. Ортодо дайыма көпүрө болуш керек. Көпүрө деп жаңылыштык менен депутат, министр, саясатчыларды атайт. Жок, жарандык коом болуш керек. Казакстанда бизге салыштырмалуу жарандык коом жок. Казакстанда оппозиция болбой калды. Оппозицияны ийинге кире качса дагы таап чыгып, өстүрүш керек".

Мурдагы акыйкатчынын пикиринде, Жогорку Кеңештин чукул жыйынынын кворум жоктугунан өтпөй калганы туура эмес.

Парламентте кворум чогулбай калгандыгына байланыштуу Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйын 7-январга жылды.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүү чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

ЖККУга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун бейпилдик орнотуучу күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда "Фейсбукка" жарыялаган.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

“Эксперттер талдайт”: Казакстанга чет элдик аскерлер жөнөтүлдү


Казак бийлиги тополоңдо күч органдарынын бир нече өкүлү каза болгонун жарыялады. Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. Коңшу өлкөнүн Маңгыстау облусунда 2-январда суюлтулган газды арзандатууну, жашоо-шартты жакшыртууну талап кылган акциялар башка аймактарга да жайылып, анын арты тополоң менен коштолууда.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG