Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:15

Жогорку Кеңештин чукул жыйыны 7-январга жылды


Жогорку Кеңештин 6-январдагы жыйыны. 2021-жыл.
Жогорку Кеңештин 6-январдагы жыйыны. 2021-жыл.

Жогорку Кеңеште кворум чогулбай калгандыгына байланыштуу Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйын 7-январга жылды.

Кворум болуш үчүн 90 депутаттын 46сы катышуусу керек, бирок каттоодон 39 гана депутат өттү.

Жогорку Кеңеш 6-январда чукул жыйынга чогулуп, ЖККУнун аскерлерин Казакстанга жөнөтүү маселесин караганы жаткан. Жыйын жабык эшик артында өтөрү айтылган. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүү чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Парламенттин алдында бүгүн кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы жарандардын пикети өттү.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 6-январда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан жардам сураган. Уюмга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян 6-январда Фейсбук аркылуу уюмдун бейпилдик орнотуучу күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн билдирген.

6-январда Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанга барды.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG