Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Министрлер кабинети ЖККУ алкагында өнөктөштүк милдеттенмелерин аткарууга даяр экенин билдирди


Министрлер кабинети. Архив.
Министрлер кабинети. Архив.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөттүн 6-январдагы чукул жыйынында Кыргызстан ЖККУ алкагындагы өзүнүн өнөктөштүк милдеттенмелерин тийиштүү деңгээлде аткарууга даяр экендигин тастыктай турганын билдирди.

Казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин кайрылуусуна байланыштуу коңшу мамлекетке колдон келген колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Мындай маалымат өкмөттүн расмий сайтында жарыяланды.

Жыйында Казакстанда чыңалуунун күчөшү жана өзгөчө кырдаалдын киргизилишине байланыштуу коомдук-саясий абал талкууланды.

Кыргыз-казак чек арасындагы абал жана Кыргызстандын аймагына кылмыштуу элементтердин жана курал-жарактардын кирүү коркунучу тууралуу күч органдарынын жетекчилери маалымат беришти. Банк тутумунун үзгүлтүксүз ишин, азык-түлүк, отун коопсуздугун камсыздоо боюнча тийиштүү чараларды кабыл алуу тапшырмалары берилди.

ЖККУга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун бейпилдик орнотуучу күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда "Фейсбукка" жарыялаган.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

Казак бийлиги тополоңдо күч органдарынын бир нече өкүлү каза болгонун жарыялады. Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. Коңшу өлкөнүн Маңгыстау облусунда 2-январда суюлтулган газды арзандатууну, жашоо-шартты жакшыртууну талап кылган акциялар башка аймактарга да жайылып, анын арты тополоң менен коштолууда.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG