Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

Консулдук: Алматыда жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок


Казакстан. 2022-жылдын 6-январы.
Казакстан. 2022-жылдын 6-январы.

Алматыда соңку окуялар учурунда жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок. Бул тууралуу 6-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы Башкы консулдугунун өкүлү Кайрат Жакыпов билдирди:

“Маалымат катары айтсам, Кыргызстандын жарандары бул жакта болуп жаткан кырдаалга эч кандай катышкан жок. Бардыгы үйүндө отурушат. Кыргызстанга кетем дегендер чек арага чейин такси менен чыгып жатышат. Жаракат алгандар арасында кыргыз жарандары жок».

Жакыпов кырдаал кечээ «кичине оорураак болгонун», бүгүн тынч экенин, телефон байланышы жакшы иштебей, Интернет үч күндөн бери жок болуп жатканын кошумчалады.

Соңку эки күндө консулдукка ондон ашуун адам кайрылды. Алардын экөө Кыргызстанга жетүүгө, он чактысы учак каттамы убактылуу токтогондуктан жардам сурашкан.

Алматы полициясынын 6-январдагы расмий маалыматына караганда, атайын операция учурунда шаарда "ондогон адам жок кылынды, алардын аты-жөнү такталууда".

Митингчилер менен полициянын кагылыштарында жараат алгандар тууралуу азырынча расмий маалымат бериле элек.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Алматыдагы Башкы консулдукка төмөнкү телефон номурлары аркылуу байланышса болорун билдирди: +7 777 8150072 Кайрат Жакыпов, +7 777 0371448 Гүлзат Абдурасулова, +7 777 0275596 Жаркынай Сансызбаева жана +7 775 4634295 Медер Сапаралиев. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG