Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:26

ЖККУ тынчтык күчтөрүнүн Казакстанга киргизилишине каршы петицияга кол топтолууда


Казак полициясы каршылык акциялары учурунда. 6-январь, 2022-жыл.
Казак полициясы каршылык акциялары учурунда. 6-январь, 2022-жыл.

Интернетте change.org сайтында "Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмуна мүчө мамлекеттердин аскерлерин Казакстанга киргизүүгө каршы" деп аталган петицияга кол топтолуп жатат. Ушул сааттарга чейин ага 9 миңге чукул колдонуучу кол койгон.

Анда уюштуруучулар уюмга мүчө мамлекеттердин жетекчилерине кайрылып, казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Казакстанга ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн киргизүү тууралуу суранычын четке кагууну талап кылышкан.

"Казак жарандарынын каршылыгын басуу үчүн Казакстандын аймагына биздин аскерлерди киргизүүгө жол берилбеши керек", - деп жазылган петицияда.

Ошондой эле ЖККУнун тиешелүү уставынын үчүнчү бөлүмүндө уюмдун башкы максаты "тынчтыкты, эл аралык жана аймактык коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө, мүчө өлкөлөрдү көз карандысыздык, аймактык бүтүндүк, эгемендигин жамааттык негизде коргоо экени" жазылганы эске салынган.

"Жапырт каршылык акцияларын басуу - ЖККУнун бул максаттарына каршы келет" деп белгиленген.

Эгерде мамлекеттер "каршылыктар чын эле тынчтыкка жана эл аралык коопсуздукка коркунуч туудурат деп эсептесе, БУУнун Коопсуздук кеңешине реакция үчүн кайрылса болору" айтылган. Петициянын мазмунунда "башка өлкөлөрдүн аскерлеринин кириши - Казакстандын эгемендигине кол салуу жана сырттан басып кирүүгө жатып калары" жазылган.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг кийин Казакстандын ондон ашык шаарына жайылды. Бул акциялардагы социалдык талаптарга саясий чакырыктар кошулду. 5-январда Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алган, имарат өрттөлдү.

Казакстандын расмий бийлиги ондон ашык полиция кызматкери каза тапканын, миңден ашууну жаракат алганын маалымдады. Митингчилер арасында да жоготуулар бар экени тууралуу кабарлар айтылып жатат, бирок расмий бышыктала элек. Алматы полициясы буга чейин ондогон адам каза тапканын билдирген.

Бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштаганын ырастады.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген.

Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат. Актөбөдө митингчилер өздөрүн "террорчу" деп атоого каршы экендиктерин, социалдык начар абалга жана кымбатчылыкка нааразылык иретинде акцияга чыгышканын айтышты. (NT)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG