Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:18

Актөбөдө митингчилер кымбаттоого каршы чыгышканын, өздөрүн “террорчу” деп атоого нааразы экенин айтышты


Актөбөдөгү демонстранттар. 5-январь, 2022 жыл.
Актөбөдөгү демонстранттар. 5-январь, 2022 жыл.

“Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы билдиргендей, Актөбөдө талап-тоноо, карактоо болгон эмес. Митингчилердин арасынан атайын элдик кошуун түзүлүп, түнү менен мэрияны, аэропортту, темир жол бекетин кайтарышкан. Бүгүн, 6-январда демонстранттар жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Алар митингчилерди “террорист” деп атоого каршы экенин, эл кымбатчылыктан улам тынчтык митингине чыкканын айтышкан.

Ал эми Оролдо коомдук жайлар жана транспорт иштеп жатканы айтылды. Шаарда интернет өчүрүлүп, телефон байланышы жакшы болбой жатат. Банкоматтардын алдында узун кезектер пайда болгону кабарланды. Негизги аянтты полиция курчап турат. Бирок, нааразылык билдирип чыккан кишилер байкалбайт. Күбөлөр аянттын жанынан өтүп бара жаткан бир-эки кишини полиция кармап кеткенин көрүшкөн.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митинг Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акциялардагы социалдык талаптарга саясий чакырыктар кошулду. Өлкөнүн башка аймактарындагы кырдаал боюнча маалыматтар жок. Шаршемби күнү Алматы Казакстандагы окуялардын чордонуна айланды. Шаарда автоунаалар өрттөлүп, демонстранттар шаар акимчилигинин имаратын басып алып, өрттөп жиберишти.

Казакстандын расмий бийлиги ондон ашык полиция кызматкери каза тапканын, миңден ашууну жаракат алганын маалымдады. Митингчилер арасында да жоготуулар бар экени тууралуу кабарлар айтылып жатат, бирок расмий бышыктала элек. Алматы полициясы буга чейин ондогон адам каза тапканын билдирген.

Бейшембиде Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) катчылыгы Орусиянын тынчтык орнотуу күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанда кызматын өтөй баштаганын ырастады.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат. (AbA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG