Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:29

Кыргыз-казак чек арасындагы жети бекет туруктуу иштеп жатат


Кыргыз-казак чек арасы.
Кыргыз-казак чек арасы.

6-январга карата кыргыз-казак чек арасындагы абал туруктуу, Кыргызстан чек арадан өтүү үчүн эч кандай кошумча чараларды киргизген жок. Бул тууралуу Чек ара кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта кыргыз-казак чек арасында "Ак-Жол", "Ак-Тилек", "Чалдыбар", "Кең-Булуң", "Токмок" жана Ысык-Көлдөгү "Каркыра", Таластагы "Чоң-Капка" бекеттери иштеп жатканы айтылат.

5-6-январда кыргыз-казак чек арасынан 5500 адам өткөн, анын ичинен Кыргызстанга 2384 адам келген. Аллардын 671и Кыргызстандын, 1644ү Казакстандын жарандары.

Кыргызстандан Казакстанга 3076 адам өткөн. Анын 676сы кыргыз, 2349у казак жарандары.

Ошондой эле чек арадан 447 жүк ташуучу унаа өткөн. Анын 268и Кыргызстанга келген.

Кыргызстан Казакстандагы коомдук-саясий абалдын курчушуна байланыштуу кыргыз-казак чек арасынан өткөн жарандар үчүн милдеттүү түрдө коронавирус жоктугун тастыктаган ПЧР тестти көрсөтүү талабын жокко чыгарды.

Бул чечим кыргыз жарандары менен катар чет өлкөнүн жарандарына дагы тиешелүү.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. Алматыда ондогон адам каза тапканы кабарланды. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG