Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:22

Сирия: жоочуларга сокку урулду


Ирактын аскер аба күчтөрү атып түшүргөн дрон.
Ирактын аскер аба күчтөрү атып түшүргөн дрон.

Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшкөн АКШ баштаган эл аралык коалиция 4-январда өлкөнүн түндүк-чыгышындагы “тикелей коркунучка” каршы абадан бир нече сокку урду. Бул тууралуу коалициялык күчтөрдүн командачылыгы билдирди.

Коалициялык күчтөрдүн Сириянын түндүк-чыгышындагы соңку аба соккулары ирандык генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлгөнүнүн эки жылдыгына туура келди. Буга байланыштуу чөлкөмдө террордук кол салуу коркунучу жана чыңалуу бар экени айтылды.

Буга чейин америкалык аскер жетекчилиги бул жагдай Ирак менен Сириядагы АКШ күчтөрүнө каршы террордук чабуулдардын күчөшүнө алып келерин эскерткен.

Коалициялык күчтөр “аталган аймакта тикелей коркунуч туудурган ракеталар жайгашкан жерлер аныкталгандан кийин” аларга каршы аба соккулары урулганын билдирди.

Ал ракеталар "Ислам мамлекети" террордук тобу дагы эле аракеттенип жаткан Евфраттагы "Жашыл айыл" деген аталыштагы америкалык базага жана АКШ менен кызматташкан сириялык демократиялык күчтөр турган жерлерге каршы багытталган. Бул боюнча коалициялык күчтөрдүн билдирүүсүндө белгиленди.

Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби базага ракеталык чабуул коркунучу туулуп, аны алдын алуу чарасы көрүлгөнүн билдирди.

Жон Кирби, Пентагондун басма сөз катчысы.
Жон Кирби, Пентагондун басма сөз катчысы.

"Азыр мен анын артында конкреттүү кандай атрибут турганын айта албайм. Анткен менен биз Иран колдогон куралдуу кошуундардын биздин Сириядагы жана Ирактагы күчтөргө каршы коркунучун көрүп турабыз. Ал объектилер биздин база турган “Жашыл айылга” чабуул жасоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн деп эсептеп, аларга сокку урду. Биздин адамдар коркунучка кабылгандыктан биз буга олуттуу карадык", - деди Жон Кирби.

Үч жолку террордук чабуул майтарылды

Муну менен соңку 48 сааттын ичинде бул чөлкөмдө үчүнчү ирет террордук чабуул коркунучу алдын алынганы кабарланды.

Буга чейин 4-январда Айн ал-Асад аскер аба базасына жана 3-январда Багдаддын эл аралык аэропортуна террордук кол салуу ишке ашпай калган.

Белгисиз тараптан учуп келген жардыргыч жүктөлгөн дрондорду Ирактын аскер аба күчтөрү атып түшүргөн. Бул окуяларда аскерлер жана жайкын тургандар жабыркаган эмес.

Ирактын расмийлеринин айтымында, атып түшүрүлгөн дрондордун биринин канатында "Сулейманинин өчү" деп жазылган.

2020-жылы 3-январда АКШнын учкучсуз учагынын соккусунан ирандык генерал Касем Сулейманинин өлтүрүлүшү Иран менен АКШнын ортосундагы чыңалууну күчөткөн. АКШ Ирак менен Сирияда “Ислам мамлекети” террордук тобуна каршы күрөшкөн аскердик коалицияны жетектейт. АКШнын Сирияда болжол менен 900дөй, Иракта 2500дөй аскери бар.

АКШ баштаган коалиция Ирак күчтөрүнө "Ислам мамлекети" тобуна каршы күрөштө колдоо көрсөткөн согуштук миссиясын өткөн айда расмий түрдө аяктады. Коалиция ирактык аскер күчтөрүнө колдоо көрсөтүү үчүн консультациялык миссияга 2500 аскер калтырган.

Саад Маан, Ирактын ИИМинин байланыштар жана маалымат департаментинин директору. Багдад. 13-октябрь, 2013-жыл.
Саад Маан, Ирактын ИИМинин байланыштар жана маалымат департаментинин директору. Багдад. 13-октябрь, 2013-жыл.

“Коалиция мурда макулдашылгандай, үстүбүздөгү жылдын аягына чейин аскердик миссиясын толук токтотот. Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Кассим ал-Аражи Ирак армиясы менен Эл аралык коалициялык күчтөрдүн аскердик кызматташтыгы улана берерин баса белгиледи. Бул кызматташтык коалициянын алкагында кеңеш берүү, аскердик жардам көрсөтүү жана ыйгарым укуктарды кеңейтүү маселелеринен турат” , - деди Ирактын Ички иштер министрлигинин байланыштар жана маалымат департаментинин директору Саад Маан.

2020-жылы АКШнын учкучсуз учактары Багдаддын аэропортуна жасаган соккудан Ирандын ыңкылап сакчыларынын Кудс элиталык күчтөрүнүн башчысы генерал Касем Сулеймани жана Ирактагы Иран колдогон куралдуу топтордун кол башчысынын орун басары Абу Махди ал-Мухандис өлтүрүлгөн.

Ирактагы иранчыл шиит топтору бул үчүн өч алууга убада берип, АКШнын Ирактагы базасына каршы чабуул жасоого аракеттенип, америкалык аскерлерди өлкөдөн толук чыгарууну талап кылып келет.

XS
SM
MD
LG