Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

Ирандык генералдын өлүмү: аймакта чыңалуу курчуду


Генерал Сулейманини эскерүү иш-чарасы. Тегеран. 3-январь, 2022-жыл
Генерал Сулейманини эскерүү иш-чарасы. Тегеран. 3-январь, 2022-жыл

3-январда Багдаддын четиндеги аэропортто жайгашкан америкалык аскердик жайга жакындап бараткан эки дрон атып түшүрүлдү. Бул тууралуу коалициядагы булактар АFP маалымат агенттигине билдиришти. Ирандык таасирдүү генерал Касем Сулейманинин киши колдуу болушунун эки жылдыгын утурлай аймакта чыңалуу күчөдү.

Маалыматка караганда, АКШ баштаган коалиция “Ислам мамлекети” террордук уюмуна каршы күрөш үчүн пайдаланган комплексти көздөй учуп келаткан дрондор ракетага каршы система тарабынан атып түшүрүлдү.

Коалиция күчтөрүндөгү булактар учкучсуз аппараттарды “жан кечти дрондор” деп сүрөттөп, окуяны “жарандык аэропортко кооптуу чабуул” катары сыпаттады.

Ирактын коопсуздук органдарындагы расмий адамдар маалыматты бышыктады. Жарадар болгондор же башка чыгым тууралуу айтылган жок. Дрондорду базага багыттап ким учурганы азырынча белгисиз.

Ушул эле күнү Ирандын президенти Ибрахим Раиси АКШнын ошол кездеги президенти Доналд Трамп жана мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Помпео сот жообуна тартылмайынча, генералдын өлүмү үчүн өч аларын теле кайрылууда билдирди.

Касем Сулеймани менен Абу Хамид ал-Мухандистин сүрөтүн кармап турган аял. Багдад. 2-январь, 2021-жыл
Касем Сулеймани менен Абу Хамид ал-Мухандистин сүрөтүн кармап турган аял. Багдад. 2-январь, 2021-жыл

Ислам жумуриятынын Революция сакчыларынын корпусуна кирген тандалма Кудс бөлүгүнүн кол башчысы Сулеймани 2020-жылдын 3-январында Багдаддын жанындагы аэропортко бараткан жолдо америкалык дрондун соккусунан каза тапкан. Беш күндөн кийин Тегеран ага жооп катары АКШнын Ирактагы күчтөрү жайгашкан эки базага сокку урган.

Генерал өлтүрүлгөн учурда АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамп ал "узак убакыт бою миңдеген америкалыкты өлтүрүп, жарадар кылган, андан көбүн өлтүрүүнү пландаган" деп "Твиттердеги" баракчасына жазган болчу.

Сулеймани менен чогуу ирактык командачы Абу Хамид ал-Мухандис окко учкан.

Өткөн ишемби, 1-январда Багдадда генералдын тарапташтары анын өлгөнүнүн эки жылдыгына байланыштуу демонстрацияга чыгышты.

31-декабрда Ирандын Тышкы иштер министрлиги “АКШ өкмөтү ал кылмыш үчүн эл аралык коомчулук алдында жооптуу” деп, генералды өлтүрүүнү “теракт” катары айыптады. Билдирүүдө “эми жоопкерчилик Ак Үйгө жүктөлөрү” айтылат. Маалымат агенттиктери муну сөз, сыягы Трамптын ордун баскан президент Жо Байден тууралуу жүрүүдө деп чечмелешет.

Тегеран менен Вашингтондун мамилеси 2018-жылдан кийин өзгөчө курчуп кеткен. Ал учурда АКШ Ирандын өзөктүк программасы боюнча көп тараптуу келишимден чыгып кеткен эле.

Кошмо Штаттар баштаган эл аралык коалиция Ирактагы “согуштук аракеттери” аяктаганын жарыялаганы менен америкалык 2,5 миң жана башка өлкөлөрдүн бир миңдей жоокери Ирак армиясын машыктыруу ишин улантууда.

Ал арада алдыңкы күнү, 2-январда израилдик басылмалар хакердик чабуулга туш болду. “Иерусалим пост” гезитинин сайтынын башкы бетине макалалардын ордуна асыл таштуу шакекчен колдон түшкөн ракетанын сүрөтү жайгаштырылган. Сүрөттө ошондой эле Димона шаарынын жанындагы өзөктүк изилдөө борборуна окшогон жайдын жарылганы тартылган. Борбор Израилдин шардана кылынбаган өзөктүк курал программасы менен байланыштырылып келет.

“Иерусалим пост” киберчабуул тууралуу маалыматты "Твиттердеги" постунда бышыктады.

“Биздин вебсайтыбызга хакердик чабуул болгонунан кабардарбыз. Анда Израилди түздөн-түз коркутууну да байкаса болот”, - деп жазды англис тилдүү басылма.

"Чабуулду ирандык хакерлер же башка жерлердеги колдоочулар ишке ашырганбы, балким аларды мамлекет каржылаганбы, белгисиз", - деп кошумчалады гезит.

Израил өкмөтү азырынча бул окуя боюнча пикир билдире элек.

Maariv Online деген израилдик дагы бир медианын "Твиттердеги" баракчасы да жекшембиде ушул өңдүү чабуулга кабылып, кийин ал пост алынып салынды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG