Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:25

Кыргыз аскерлери Казакстанга кандай шарт менен жиберилери айтылды


Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери.
Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери.

Жогорку Кеңеш Казакстанга Кыргызстандын аскерлерин жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алса, кыргыз аскерлери казак жарандарына каршы аракеттерге тартылбайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

"Жогорку Кеңеш жактырса, Кыргызстандын аскерлери ЖККУнун жобосуна ылайык жамааттык күчтөрдүн курамында Казакстанга тынчтыкты орнотуу үчүн жөнөтүлөт. Кыргызстандын тынчтык орнотуучулары стратегиялык маанидеги объектилерди коргойт. Кыргыз аскерлери Казакстандагы акциялардын катышуучуларына карата эч кандай аракеттерге тартылбай турганын өзгөчө белгилейбиз", - деди Султанбаев.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов кыргыз аскерлерин Казакстанга жөнөтүүгө каршы Жогорку Кеңештин астына пикетке чыккандардын суроосуна жооп берип жатып, Кыргызстан акыркы убакытка чейин түзүлгөн кырдаалдан Казакстан өз алдынча чыга алат деген ишенимде болгонун айтты.

"Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун андан башка келишимдерге ылайык Казакстандын мыйзамдуу бийлиги расмий түрдө кайрылганга чейин Кыргызстандын позициясы бир тууган эл жана анын жетекчилиги түзүлгөн кырдаалдан өз алдынча чыга алат деген ишенимде болчу. Бир тууганың жана жакынкы коңшуң жардам сурап жатат", - деди Эдил Байсалов.

Бүгүн, 6-январда Жогорку Кеңеш Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселесин караган отуруму кворум болбой калгандыгына байланыштуу өтпөй калды. Жыйын 7-январга жылды.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

ЖККУга төрагалык кылган Армениянын премьер-министри Никол Пашинян уюмдун бейпилдик орнотуучу күчтөрү чектелген убакытка Казакстанга жөнөтүлөрүн 6-январда "Фейсбукка" жарыялаган.

Анын алдында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп атап, аларды "чет жакта олуттуу даярдыктан өткөн террордук топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарга кескин сынга кабылып жатат.

Казак бийлиги тополоңдо күч органдарынын бир нече өкүлү каза болгонун жарыялады. Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. Коңшу өлкөнүн Маңгыстау облусунда 2-январда суюлтулган газды арзандатууну, жашоо-шартты жакшыртууну талап кылган акциялар башка аймактарга да жайылып, анын арты тополоң менен коштолууда.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG