Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Президент Жапаров: Казакстанга туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп аскер жөнөтүп жатабыз


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстан Казакстанга армия жөнөтүп жатканы жөнүндө билдирүү таратты. Президент кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасында бөлүштү.

Мамлекет башчы Кыргызстандын Казакстанга аскерлерин жөнөтүп жатканына каршы болуп чыккандарды “популисттер” деп атап, “трагедиядан арзан пиар кылгандан алыс болууга” чакырды. Парламент депутаттарын аскер жиберүүгө каршы чыкпоого үндөдү.

"Биз дагы "жети өлчөп, бир кесип" жатабыз. Биз армиябызды "митингге чыгып жатышкан казак бир туугандарды аткыла" деп жиберип жаткан жокпуз. Өз элин атпаган аскерлерибиз казак бир туугандарыбызды дагы атпашына терең ишенебиз. Тескерисинче, туруктуулукту орнотконго жардам бергиле деп жөнөтүп жатабыз. Кандай жардам? Азыр ушул тапта Казакстанда көптөгөн мамлекеттик стратегиялык мекемелерди кайтаруу күчтөрү жетишпей турган мезгил экен. Бизден жардам сурады. Биз жардам беришибиз керек. Анткени ЖККУ нун туруктуу мүчөсүбүз. Келишимге мурда эле кол коюлуп, Жогорку Кеңештен ратификациядан өткөн экен. Кайсы жерге барышат, кандай мекемени кайтарат жана башка маселелердин баарын такташып алып, анан жардам берели дедик. Айрым депутаттар дагы популисттердин айынан каршы пикирлерин айта башташты", - деп жазды президент.

Буга чейин Министрлер кабинети кыргызстандыктарга жана коомдук-саясий күчтөргө Казакстанга аскерлерди жөнөтүү чечимине түшүнүү жана толук жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырган кайрылуу таратты.

Анда Кыргызстан Казакстандын жакын коңшусу жана стратегиялык өнөктөшү катары мыйзамдуу бийликтин жардам берүү чакырыгын четке кагууга укугу жок экени жана Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюмунун алкагында өз милдеттерин керектүү деңгээлде аткарары айтылган.

6-январга караган түнү Бишкекке Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевден ЖККУнун алкагында колдоо көрсөтүү боюнча расмий кайрылуу келип түшкөн. Кеңешүүлөрдөн кийин президент Садыр Жапаров ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясына катышуу мандаты менен куралдуу күчтөрдүн чектелген контингентин Казакстанга жөнөтүү маселесин парламенттин кароосуна коюуну чечкен.

Жогорку Кеңештин Казакстанга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин жөнөтүү маселеси боюнча чукул жыйыны кворумдун жоктугунан 7-январга жылды. Кворум болуш үчүн 90 депутаттын 46сы катышуусу керек, бирок каттоодон 39 гана депутат өттү.

Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүү чечими Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

Парламенттин алдында кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө каршы жарандардын пикети өттү.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. Алматыда ондогон адам каза тапканы кабарланды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG