Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:11

ТИМ: Казакстандан 20 кыргыз жараны эвакуацияланды


ТИМ тараткан сүрөт.
ТИМ тараткан сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 6-январда Казакстандан жыйырма кыргыз жараны эвакуацияланганын билдирди. Алардын арасында аялдар, балдар бар. Атайын уюштурулган транспорт менен кыргызстандыктардан тышкары жыйырма орус, бир тажик, бир өзбек жараны келди.

Кыргызстандын ТИМи Казакстандагы окуяларга байланыштуу кыргызстандыктарды мекенине алып келүү улантылаарын маалымдайт. Министрлик казак өлкөсүндө чыр-чатактарга катышкан, ар кандай окуялардан жабыркагандар жок экенин билдирди. ТИМдин маалыматында, "Алматы" эл аралык аэропорту 19-январга чейин иштебейт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казакстандын аймагында болуп жаткан окуяларга байланыштуу ал өлкөдөгү кыргыз жарандары мамлекеттин мыйзамдарын так сактоого, чагымчылдыкка алдырбай, чыр-чатактарга катышпоого, адамдар көп топтолгон жерлерге барбастан, жашаган жеринен алыс чыкпоого дагы бир жолу чакырат.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды.

5-январда демонстранттар Алматы шаарындагы мэриянын имаратына кирип барышканы белгилүү болду. Алматыда "антитеррордук операция" жүрүп жатканы кабарланууда. Казакстандын жалпы аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Бир катар жергиликтүү басылмалар нааразылыкка чыккан жарандар арасында да курмандыктар бар экенин жазып жатышат. Оор жаракат алгандар жана оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилгендер жөнүндө да кабар тараганы менен расмий айтыла элек. Алматыда ондогон адам каза тапканы кабарланды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG