Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:26

Бишкектеги эки округдан талапкер болуу ниетин билдиргендер 19га жетти


Бишкектеги округдардын картасы.
Бишкектеги округдардын картасы.

Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов округдарындагы кайра шайлоодо талапкер болуу ниетин билдиргендер саны 19 адамга жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтында кабарланды.

Алардын тизмесин менен бул жактан таанышыңыз.

Аталган эки округда ноябрдагы шайлоода “баарына каршы” деген добуш эң көп болгондуктан 27-февралга кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңештин 29-декабрда ишин баштаган жетинчи чакырылышы 90 депутаттан турат. Алардын 36сы өлкө боюнча түзүлгөн бир мандаттуу округдардан шайланып келет. Азырынча парламентте 34 округдун өкүлү иштеп жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG