Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

Депутаттар Казакстанга бара турган кыргыз жоокерлеринин милдетине кызыкты


Жогорку Кеңештин 7-январдагы чукул жыйыны. 2022-жыл.
Жогорку Кеңештин 7-январдагы чукул жыйыны. 2022-жыл.

Бүгүн, 7-январда Жогорку Кеңеш чукул жыйынга чогулуп, Казакстандагы соңку кырдаалга байланыштуу Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскерлерин ал жакка жөнөтүү маселесин карап жатат.

Депутат Исхак Масалиев Казакстан аймагына кимдер кол салганы жөнүндө Кыргызстандын атайын кызматтарынын маалыматын сурады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Камчыбек Ташиев “казак президенти Касым-Жомарт Токаевдин Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагындагы кайрылуусу менен ушундай чечим кабыл алынды. Биз башка мамлекеттин ички ишине кийлигише албайбыз” деп жооп берди.

Айрым депутаттар кыргыз жоокерлери коңшу өлкөдө кайсы имараттарды кайтарарына кызыкты. УКМКнын башчысы Ташиев стратегиялык маанидеги мамлекеттик мекемелер экенин айтып, бирок алар тактала электигин кошумчалады. Ташиев ЖККУнун мүчөсү катары Кыргызстан Казакстандын президентинин кайрылуусун аткаруусу туура экенин белгиледи.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) алкагында Кыргызстандан Казакстанга 150 аскер, сегиз чопкутталган техника, 11 машине барат. Баш мыйзамдын 11-беренесине ылайык, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн Кыргызстандын аймагынан тышкары жиберүүнүн ар бир учуру Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

6-январга караган түнү казак президенти Касым-Жомарт Токаев “террордук коркунучту жөнгө салуу” деген жүйө менен ЖККУдан жардам сураган. Бейшембиде Орусиянын аскерлеринин алгачкы бөлүгү Казакстанга келип түштү. Ошондой эле Армения, Беларус жана Тажикстан да Казакстанга "тынчтык орнотуу күчтөрүн" жөнөткөнү маалым болду.

Бир канча күндөн бери нааразылык уланып жаткан Казакстанда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) баш-аягы 2,5 миңдей аскери болот. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Станислав Зась Орусиянын мамлекеттик “РИА Новости” маалымат агенттигине билдирген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG