Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Алматы: Республика аянтында пулемёттон ок атыла баштады


Казакстандагы нааразылыктар. Иллюстрациялык сүрөт.
Казакстандагы нааразылыктар. Иллюстрациялык сүрөт.

Алматынын Республика аянтында турган куралсыз адамдарга аскерлер пулемёттон ок ата баштады. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматынын кабарчысы жеринен кабарлады.

Журналист Ануар Данияровдун сөзүнө караганда, Алматы убактысы менен 18:43төн баштап ок атылып баштаган. Пулемётту ал жерге брондолгон машинелер менен келген аскерлер атып жатышат. Ок атылып жатканын активисттер Марат Турымбетов менен Айгерим Төлөуданова да ырастады. Ок атылган тушта алар аянтта болушкан. Данияров бир адам каза болгонун кабарлады.

Аянтка чогулгандардын көбү жаштар. Алар бийликтен ЖККУнун аскерлерин киргизбөөнү, толук кызматтан кетүүнү, жарандык коомдон убактылуу өкмөт курууну талап кылышууда. Нааразы топтун колунда “Токаев, ок атпа! Биз террорчу эмеспиз!” деген чоң плакаттар бар.

Ушул тапта аянтта кулак тундуруучу гранаталардын добуштары угулуп жатат. Марат Турымбетовдун айтышынча, жаракат алган беш кишини жарандар ооруканаларга алып кетишти. «Тез жардам» автоунаалары бул аймакта көрүнбөйт.

2-январда Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингчилерди колдогон акциялар бир нече күндөн бери Казакстандын ондон ашык шаарында уланып жатат. Бул акцияларда социалдык талаптардан тышкары саясий чакырыктар да айтылды. Өлкө аймагында өзгөчө абал жарыяланган.

Негизги нааразылык Алматы шаарында өтүп жатат. 5-январда мэриянын, прокуратуранын жана бийлик партиясынын имараттары өрттөлгөн. Кийин бийлик "антитеррордук операция" жүргүзүп, тополоңго катышып жаткан бир нече жаран жок кылынганын маалымдаган. Натыйжада ондогон адам каза тапканы кабарланды.

6-январда Орусиянын бейпилдик күчтөрүнүн алгачкы тобу Казакстанга келип түшүп, кызматын өтөй баштады. Анын алдында президент Касым-Жомарт Токаев Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, өлкөдө тартипти камсыз кылуу үчүн аймактык уюмдун лидерлеринен жардам сураган. Ал өлкөдө болуп жаткан окуяларды "сырткы агрессия" деп сыпаттап, аларды "чет жакта катуу даярдыктан өткөн топтор" уюштуруп жатканын билдирген. Токаевдин мындай кайрылуусу социалдык тармактарда кескин сынга кабылып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG